3 июля 2015, 14:59

Өкмөт "Кумтөрдү" иштетүү маселеси боюнча 6-июлда чечим кабыл алат

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик "Кумтөр" боюнча азырынча чечим кабыл ала элек. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда "ВБ"га ведомствонун жетекчиси Сабир Атаджанов билдирди.

Эскерте кетсек, эртең, 4- июлда "Кумтөр" кенинин иш планын бекитүү маселесин кароо мөөнөтү аяктайт. Ведомство маселени Суу кодексине өзгөртүү киргизилгенден кийин кароону чечкен. Бирок парламент жайкы каникулга чейин бул суроону ачык байлан калтырды. Депутаттар документти кароону күзгүгө жылдыруу менен "Кумтөрдүн" ишти токтотуусуна жол бербөөнү өкмөткө тапшырган. Бирок парламенттин тапшырмасын аткаруу боюнча өкмөт эч кандай планын көрсөтө элек.

Эми ведомство компанияга тоону казуу жолу аркылуу алтын алууга уруксат бериши керек, бирок бул мыйзамга туура келбейт. Болбосо маселени короо мөөнөтүн жылдыруусу шарт.

Centerra Gold компаниясынын өкүлдөрү бир ай мурун эгерде өкмөт тоодон кен казууга уруксат бербесе, ишин токтото тургандыгын айтып, өкмөттү коркуткан.

Атаджановдун айтымында, учурда маселе өкмөттө каралып жатат.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020