6 июля 2015, 11:49

Баткенде авиабомба табылды

Баткен облусунан чек арачылар авиабомба таап алышты. Бул тууралуу КРнын мамлекеттик чек ара кызматынын ЖК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдирди.
«Авиабомба Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Өрүкзар айылы тараптан,  «Коргон» чек ара заставасынын тилкесинен табылды», - деп айтылат билдирүүдө.
Бомба КР МЧК борбордук аппаратынын жыйынтыктоочу атайын тобунун чалгындоочу-издөө аракеттеринин жүрүшүндө табылган.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020