6 июля 2015, 15:14

А.Атамбаев Н.Назарбаевди 75 жылдык мааракеси менен куттуктап, I даражадагы «Манас» ордени менен сыйлады (СҮРӨТ)

Бүгүн, 2015-жылдын 6-июлунда, Казакстан Республикасынын Астана шаарына жасаган  иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Бул тууралуу, президенттин аппратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки мамлекеттин башчылары кыргыз-казакстандык эки тараптуу соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кызматташууну тереңдетүү маселелерин талкуулашты.

Президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевди  75 жылдык мааракеси жана Астана шаарынын күнү менен куттуктады.

Жолугушуунун соңунда Мамлекет башчысы Казакстандын Президентине Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достукту жана ынак коңшулукту бекемдөөгө кошкон зор салымы үчүн I даражадагы  «Манас» орденин тапшырды.

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020