6 июля 2015, 15:21

Азамат Арапбаев: “Саясат жаштардын ой жүгүртүүсүн, жан дүйнөсүн өзгөртүп коюшу мүмкүн”

ЖК депутаты Азамат Абдуллажанович ишкерликтин ысык-суугун кандай көргөнүн, эмнеге саясат менен алектенип калганын, алдыдагы шайлоого ким менен барарын,  өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртууда, өндүрүштү өстүрүүдө кандай мыйзамдар иштелип жатканын биринчи жолу бизге чечилип айтып берди.

Жаңы жүздөрдүн бийликке келүүсү абдан жакшы прогресс, бирок...

Ооба, шайлоо алдында талапкерлер ортосундагы тандоолор көпчүлүктү кызыктырат, интрига болбой койбойт. Бирок, жеке сиздерди кызыктырган өзүмдүн кийинки шайлоодогу жасай турган кадамдарым тууралуу айтсам, толук кандуу чечимимди кабыл ала элекмин. Балким, аракет кылышым мүмкүн. Себеби, саясатка аралашканыма көп жыл болуп калды, бир топ жылдан бери тажрыйба топтолду. Ал эми мамлекеттин кең келечегине кам көрүүдө, туура мыйзамдарды кабыл алууда, иштин жыйынтыгына жетүүдө тажрыйба сөзсүз талап кылынат. Тажрыйба боюнча Кытайдын бир кызыктуу философиясына токтолгум келип турат. Канча жылдан бери биргеликте тыгыз кызматташкан кытайлык кесиптештер менен ишкерлердин айтымында, алардын парламентиндеги орто курактуу депутаттардын жашы 60 жаш деп эсептелет экен. Анткени, адамда тажрыйба, акыл топтолуп, Ата Журтка болгон сүйүү канчалык өскөн сайын терең ойлонуп, туура эмес кадамдарга жол бербеши талашсыз деп эсептешет тура. Кытайдын кандай өнүгүп жатканын азыр көрүп атабыз. Ал эми жаштар боюнча айтсам, алардын, жаңы жүздөрдүн бийликке келүүсү да абдан жакшы прогресс, бирок сөзсүз тажрыйба керек. Бүгүн бизде билимдүү жана патриот жаш саясатчылар бар экенине ишенем жана алар тажрыйбалуу партиялар менен биригип, туура тандоо жасашаарына көзүм жетет. Негизи эле жаштар алгач саясатка эмес, кесипкөй болууга, билимге умтулса бул баарыбыз үчүн жакшы болмок. Анткени, саясат жаштардын ой жүгүртүүсүн, жан дүйнөсүн өзгөртүп коюшу мүмкүн. Ал үчүн бышып, жетилип, кесибинде дасыккан адис болуусу кажет.       

Жаңы жүздөрдүн бийликке келүүсү да абдан жакшы прогресс, бирок сөзсүз тажрыйба керек.

“Саясат менен алектенбесең, саясат сени менен алектенет”

“Эгер саясат менен алектенбесең, саясат сени менен алектенет” деген сөз  таамай айтылган кеп экенин качан өзүм саясатка аралашканда түшүндүм. Себеби, мен ар дайым өзүм тандаган адистикте кесипкөй болом деп ишенчүмүн. Ага карабай мен жогорку окуу жайын Кыргызстан эгемен болгон жылы аяктап, инженерлик кесибиме талап коюлбай, кесибим менен иштебеген соң киреше табуунун мыкты жолдорун издөөдө ишкерликти тандап алдым. Бирок, соода-сатыкты эмес, өндүрүш тармагында алгачкы эмгек жолумду баштадым. Албетте, башында баары оңой болгон жок. Турмушта жакшы нерсеге жетүү үчүн жашоонун мыйзамдарынын бир топ тепкичтерин басып өтүүгө туура келет экен, ал үчүн чыдамкайлык жана сабырдуулук гана керек. Ушул сапаттардын жардамы менен мен дагы ишкерликтин ысык-суугуна чыдадым. Өндүрүштүн мамлекеттин экономикалык абалы үчүн канчалык маанилүү экенин түшүндүм. Инвесторлорду тартууда, инвестициялык жагдайды жакшыртууда, ишкерлерге туура багыт берүүдө мыйзамдар жетишсиз экенин, кээ бирлери каршы келгенин көрүп, мунун баары саясатка аралашуума себеп болду. Алгач жергиликтүү, анан облустук, кийин шаардык кеңештен депутаттыкка өтүп, мына 15 жылдан бери эл-жер  үчүн кызмат кылып келебиз. Ушул өндүрүш, кен байлыктар, инвестиция боюнча бир топ кесиптештер менен бирге бир нече мыйзамдарды демилгелеп, Салык кодексине абдан көп өзгөртүүлөрдү киргизип, мыйзамдарды өткөрдүк. Бүгүн бизде өндүрүш болбосо бир гана соода-сатык менен алектенүү абдан кыйын экенин көпчүлүк түшүнүп калышты. Чынында мактана турган өндүрүшүбүз да жок, бирок ишкерлерди колдоого алып, инвестициялык климатты жакшыртууга, инвесторлорго шарт түзүп берүүгө эмнеге болбосун. Биз буйруса ошол жолго түштүк жана ал үчүн дагы да болсо аракеттерди жасай бермекчибиз.  Жеке өзүмдүн ишкерлигиме токтолсом, кандай ишкерлик түптөбөйүн, жумушчу топ түзүлүп, ийгиликтүү иш алып барышат.

Турмушта жакшы нерсеге жетүү үчүн жашоонун  бир топ тепкичтерин басып өтүүгө туура келет экен, ал үчүн чыдамкайлык жана сабырдуулук гана керек.

Жалындаган жаштыгым Жалал-Абадда өттү

Жалал-Абад шаары – Кыргызстандын бардык аймактарындай эле кудай берген касиеттүү жер. Бирок, бардыгыбыз киндик кан тамган жерибиз тууралуу башкача сезимдер менен айтат эмеспизби. Ушул күч-кубатка дем берген касиеттүү мөлтүр булак суулары, кайталангыс курорту, Арсланбап, Сары-Челек сыяктуу айтып бүткүс туристтик жайлары көп ыйык жерде жалындаган жаштыгым, балдай ширин балалыгым, учкул кыялдарым, турмуштагы олуттуу алгачкы кадамдарым калган. Шаардын өзүндө окуп, чоңойгонум менен түбүбүз Сузак районунан болот. Ушул Сузак жергеси тууралуу атам да, чоң атам дагы бала кезде көп нерселерди айтып беришчү. Экөө тең акылман, даанышман адамдардан болушкандыктан бизге берген тарбиясын эстеп суктанып бүтө албайм. Анда мезгил башка болгондуктан, тарбия, демек, балалык күндөр дагы бүгүнкү күнгө салыштырмалуу башкача өткөн. Мисалы, мектепте окуп жүргөндө жайдын күнү пионерлер лагерге барышчу. Ал эми окуу мезгилинде сентябрдын орто ченинен баштап бир жарым, эки ай кар түшкөнчө пахтага барып иштечүбүз. Ошентип жаштар бала кезинен мээнеткеч болгонго үйрөнүп, ата-эненин тапкан оокатын, турмушун көбүрөөк баалаганга түрткү да болчу экен. Чындыгында ошол пахта талааларында классташтык кызыктуу күндөр калды: ынтымагыбызга, биримдигибизге, бактыбызга чек жок эле. Ал эми жайкы эс алууда атабыз чоң атамдыкына жөнөтчү. 3 айлык эс алууда чоң атамдын үйүндө айылга тийиштүү жумуштардын баарын жасачубуз: мал кайтарып, чөп чаап, орок оруп жана башка майда жумуштардын баарын аткарып андан ырахат алчубуз. Бала кезде бардыгыбыз, өзгөчө эркек уулдар шок келишет эмеспи. Мен өтө тентек же бейбаш болгом деп айтпасам да, балалык кезде болгон бардык нерселерде болчумун (күлүп).

Сергек жашаш үчүн спортту тандоо керек

Спорт – ден соолуктун булагы. Ар бир адам сергек жашоосу үчүн спорт менен достошуусу кажет. Бирок, жеке мен жаш кезимен атайын спорттук секцияларга барып машыккан жокмун. Мектеп курагымда баскетболго, волейболго барчумун. Өзгөчө бала кезде баары жактырган велосипедди досторубуз менен көп тепчүбүз. Чынында ал ден соолукка абдан пайдалуу жана сергек жашоого үндөйт. Анын үстүнө азыр кененчилик – велосипеддердин миллион түрлөрү бар. Ал эми биздин мезгилде, Урал, Кама, Орлёнок деген гана түрлөрү болуп, мен Урал деген велосипедди тандап алгам (күлүп). Ойлосом, ошол велосипедим азыркы “Лексус” менен барабар болчу экен. Учурда жумуш үстүндө убакыт жетишсиз болуп жаткандыктан спортко көңүл бура албай жатам. Балдарыма болсо сергек жашаш үчүн спортко да көңүл бургула деп айтам.

Үй-бүлөм - асыл тирегим

Ынтымактуу, бекем үй-бүлөм бар. Келинчегим менден жети жашка кичүү. Атайын, өзгөчө сүйүү баяныбыз деле жок: жаңы таанышканда бири-бирибизди жактырып, бат эле үйлөнүп алганбыз. Учурда төрт балабыз: эки уул, эки кызыбыз бар. Ынтымакта, сый-урматта жашап келебиз. Улуу уулум 17 жашка чыгып калса, кичүү кызым жетиде. Кыргызстандагы ар бир үй-бүлөгө ынтымак жана бакубат жашоо каалайм.         

Кызыгуу: Эч ким жок жерде жалгыз машина айдап баратып үнүмдү бийик чыгарып ырдаган учурларым болот.   

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020