6 июля 2015, 16:37

КСДП фракциясынын лидери 5 жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КСДП фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 6-июнда КСДП фракциясынын 5 жылдык ишине байланыштуу жыйынтыктоочу маалымат-жыйын берди. Иш-чарага депутаттар Абдыманап Кутушев менен Галина Скрипкина катышты. 
Фракция жетекчиси 5 жыл аралыгында фракциянын жетишилген негизги ийгиликтерине токтолуп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Анын билдиришинче, өткөн жылдары социал-демкораттар эч кандай популисттик максаттарсыз алдыларына реалдуу милдеттерди коюп иш алпарды. “2010-жылдан кийинки окуялардан кийин биз өлкөдө кырдаалды турукташтырууну жана тартип орнотууну негизги милдетибиз деп таптык. Бул жылдарда биздин фракциянын мүчөлөрү республиканын баардык аймактарында болуп, жарандар менен активдүү иштеди”,- дейт ал. Ч.Турсунбековдун маалыматы боюнча 236 мыйзам долбоор демилгеленип, алардын 155и кабыл алынды. Фракциянын депутаттары, коомдук кабылдамалар 60 миңден ашуун адамдын суроо-талабын укту. “Депутаттарыбыз шайлоо мыйзамдуулугун, сот системасын реформалоо, миграциялык саясатты иштеп чыгуу жаатында зор иштерди аткарышты” деп кошумчалады фракция лидери. 
Ч.Турсунбеков парламент фракцияларынын, коалициянын ыраатка салынган ишинин маанисин баса белгиледи. “Биз ийгиликтерге жалпы күч-аракеттердин негизинде жетиштик деп эсептейбиз. Буга маселен, биз баарыбыз жоопкерчиликти аңдап-түшүнүп, өлкөбүздү өкмөтсүз калтырбай, коалициянын ыкчам түзүлгөндүгүн айтсак болот”, дейт ал. 
Депутат А.Кутушев өлкө жарандарынын турмушунун көп жактарын жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган “Таза коом” сындуу инновациялык долбоорлорду КСДП фракциясы колдоого алгандыгын эске салды. “Биз адамдардын  мамлекеттик органдар менен байланышуусу заманбап технологиялардын жардамы менен камсыздалышы менен сапаттуу кызмат көрсөтүү алуусуна жетишүүбүз зарыл”,- дейт А.Кутушев. Депутаттын пикиринде, мындай аракеттердин натыйжасында Кыргызстанда мыйзамдын баарына теңдигине, адам укуктарынын сакталышына жана элдин таза шайлоолор аркылуу бийлик жүргүзүүсүнө негизделген цивилизациялуу коом курулат. 
Депутат Г.Скрипкина журналисттердин кабыл алынган чечимдердин көзөмөлдөнүшү жөнүндө суроолоруна жооп берип жатып ар кандай кырдаалды туруктуу мониторингге алган парламенттик комитеттердин зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал журналисттердин көңүлүн Жогорку Кеңеште 1-окууда каралган сот системасын реформалоо боюнча мыйзам долбоорлоруна бурду. “Биз ашыкча болгон бюрократияны четтетүүгө, укуктук системадагы коррупцияны азайтууга умтулуп жатабыз. Бул кийинки чакырылыштагы парламент уланта турган көп мөөнөттү талап кылган процесс”, деп билдирди Г.Скрипкина. 
Маалымат-жыйында депутаттар Кыргызстандын Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБге) кириши, биометриканы киргизүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү, өлкөнүн тышкы саясатын өнүктүрүү сындуу суроолорго жооп беришти.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020