6 июля 2015, 18:16

КР менен Германиянын парламентинин өз ара кызматташтыгы талкууланды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 6-июлда Манфред Грунд башында турган Германия Федеративдүү Республикасынын Бундестагынын Борбор Азия тобун кабыл алды. Бул тууралуу, Жогорку Кеңештин басма-сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө, эки тараптуу кызматташуунун, парламенттер аралык байланыш келечегинин актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Төрага А.Жээнбеков герман тарапка Кыргызстандын көз карандысыздык жылдарында ар тараптуу колдоосуна ыраазычылык билдирди. “Германия тарап Кыргызстандагы көптөгөн процесстерге, анын ичинде, экономикалык реформаларды жана демократиялык кайра курумдарды алга жылдырууга көмөктөшүп келет”,- дейт Төрага.

А.Жээнбеков баардык деңгээлдеги эки тараптуу байланыштардын динамикасына канагаттануу менен токтолуп, үстүбүздөгү жылы КР Президенти А.Атамбаевдин Германияга иш сапарынын ийгиликтүү болгондугун айтты. Төрага кыргыз-герман кызматташтыгын жандандыруудагы Кыргызстан парламенти менен Бундестагдын өзгөчө ордун баса белгиледи. “Эки өлкөнүн парламенттери мамилелерди өнүктүрүүгө жигердүү көмөк көрсөтүүдө”,- дейт А.Жээнбеков.

Өз кезегинде ГФР Бундестагынын Борбор Азия тобунун жетекчиси М.Грунд герман тараптын Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу максатында парламенттер аралык өнөктштүктү ар тараптуу кеңейтүү ниетин билдирди. “Биздин Борбор Азия тобунун ишиндеги негизги багыттардын бири Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүү болуп саналат”,- дейт ал аталган багыттын маанилүүлүгүн белгилей. “Биз кыргыз тараптын эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө болгон кызыкчылыгы үчүн кубанычтабыз. Германия Канцлери Ангела Меркель Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга баам салып турат. Биз сиздердин өлкөдөгү парламенттик демкоратияны өнүктүрүү максатын көздөөрүңүздөрдү жана кыйынчылыктарга карабастан белгиленген жолдон кайтпаарыңыздарды жакшы билебиз”,-дейт М.Грунд.

“Республикадагы парламенттик демократияны өнүктүрүүнүн туруктуулугу биздин досторубуз жана өнөктөштөрүбүздүн аркасында болуп жатат”,-дейт Төрага. А.Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын күз мезгилине белгиленген парламенттик шайлоого даярдыктардын жүрүшү жөнүндө дагы учкай маалымат берди. Ал өлкө жетекчилигинин шайлоолорду ачык-айкын өткөрүүнү камсыздоо үчүн биометрикалык маалыматтарды пайдалануу менен жаңы технологияны киргизүүнү мерчемдеп жаткандыгын билдирди. “Ачык-айкын, таза шайлоо ынтымактын, тынчтыктын жана өлкөнү өнүктүрүүнүн негизи”,- дейт А.Жээнбеков.

Бундестагдын Борбор Азия тобунун жетекчиси кыргыз тараптын мындай жогорку технологияны пайдалануу практикасын киргизип жаткандыгын кубаттап, шайлоону ийгиликтүү өткөрүүнү каалады. “Биометрикалык маалыматтарды колдонуунун негизинде шайлоо өткөрүү ачык-айкын шайлоонун кепилдиги болот”,-дейт М.Грунд.

Тараптар Кыргызстан жана жалпы регион туш болуп жаткан жаңы чакырыктар жөнүндө пикир алышты. Бул өңүттө Төрага Бундестаг делегациясынын көңүлүн эл аралык терроризм, экстремизм, баңги заттарды жана курал-жарак сатууга каршы аракеттенүү багыттары боюнча кызматташууну өнүктүрүү зарылдыгына бурду.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин Германия менен кызматташуу боюнча достук тобунун жетекчиси, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Нурбек Алимбеков, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Эсенгул Исаков, Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Бахтияр Кадыров жана аталган комитеттин мүчөсү Бахадыр Сулейманов катышты.

КР менен Германиянын парламентинин өз ара кызматташтыгы талкууланды

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020