7 июля 2015, 11:55

Айтмамат Кадырбаев: “Ошко спорт зал курууга маянам жетпейт”

Ордолуу Ош шаарынын күпүлдөгөн жетекчиси Айтмамат ака менен ара-чолодо телефон аркылуу ал-жай сурашып калабыз. Бул жолку баарлашуубуздун айрым урунттуу жерлерин гезит бетине жарыялап койдум. Эмесе, түштүк калаабыздагы жаңылыктарды шаардын кожоюну өзү айтып берсин. Абай салып көрүңүз...

--Айтмамат ака, жакында “Ош шаарынын буга чейинки айрым жетекчилеринин айынан шаары тургундары көгүлтүр отсуз калган” деп жар салбадыңызбы. Кайсы жетекчилердин айынан Ош эли көгүлтүр отсуз калышты эле? Конкреттүү айтпайсызбы?

--Туура, бизге чейин иштеген айрым жетекчилердин айынан, тагыраагы, шаардык архитектордун айынан 3 миңге жакын түйүн бүгүнкү күндө газсыз, көгүлтүр отко зар болуп отурушат. Кудай буюрса, биз быйыл бул көйгөйдү чечип, шаардагы Туран аймактык кеңешин көгүлтүр от менен камсыз кылуу аракетин жасап жатабыз. Бул боюнча курулуш иштери да толук жүрүп жатат.

--10-июнь күнү 2010-жылдагы Ош коогалаңынын эскерүү иш-чарасын таңкы саат 8де өткөрүп койгонуңуздарга нааразы пикирлер айтылып жатат го. Эмне анча жоо куугансып, таң атпай баштадыңар?

--Ким айтат? “Саат 8 де эскерүү иш-чарасын башташты” деп? Сен дагы конкреттүү айтсаң?

--Депутат Жылдыз Жолдошова “Ош коогалаңын эскерүү иш-чарасына жетишпей калдым” деп коомчулук алдына айтып чыкпадыбы?

--Биринчиден, биз күндүн ысыктыгына байланыштуу Ош коогалаңынан курман болгондорду эскерүү иш-чарасын эртерээк өткөргөнгө аракет кылдык. Эртең мененки 8де өтөбү же саат 10до өтөбү, башкысы пландалган эскерүү өнөктүгүбүздү өткөрүп алдык. 2010-жылдын 10-июнунда каза болгон мекендештерибиздин элестерине арналып куран түшүрүлдү. Биз ал эскерүү иш-чараларын 3 жерде өткөрүүнү мерчемдегенбиз. Ошол 3 жерде тең эскерүү жараяндары болуп, куран окулду. Ал эми Жылдыз Жолдошовага кичине туура эмес маалымат берип коюшуптур. Ал эми ушул эскерүү иш-чарасына байланыштуу коомчулук арасында ар кандай өйдө-төмөн сөздөр жүрүп жатат. Алардын баары негизсиз.

--Ош шаарындагы эстекадалык көпүрөнүн курулушу эмне болду?

--Эч нерсе болгон жок.

--Качан аяктайт эми?..

--Кудай буюрса, эстекадалык көпүрөнүн курулушу күз айларында бүткөрүлүшү пландалууда. Негизи 5-октябрь шаар күнүнө карата бүткөрүлүшүн пландап жатабыз. Балким, ага чейин деле көпүрөнүн курулушу бүтүшү мүмкүн.

--Сизди көпчүлүк спортсмен катары да билишээринен кабардарбыз. Ош шаарында учурда генерал Сүйүн Өмүрзаковго караштуу спорт клубдары бар экен. Сиз деле шаардын кожоюну катары өзүңүзгөтаандык “чоң муштумдарды” таптай турган спорт комплекс ачканга жетиштиңизби?

--Менин шаарда өзүмдүн жеке спорт клубум жок. Айлык маянам дагы спорт зал же атайын комплекс курганга жол бербейт. Бирок, спортсмендерге колубуздан келишинче көмөгүбүздү көрсөтүп, болушунча жардам берип жатабыз. Негизинен биздин Ош шаарын спорттун борбору атасак туура болот. Анткени, былтыркы Кыргызстандын 8 жолку өткөрүлгөн чемпионаты Ош шаарыбызда өткөрүлдү. Буга дейре мындай спорттук иш-чара өткөрүлгөн эмес. Ошондой эле спорт жаатынан биздин спортсмендердин талыкпаган эмгектеринин арты менен бир нечелеген алтын медалдарга ээ болдук. Быйылкы жылдын эсебинен эле 6 айдын ичинде 6 жолу Кыргызстандын чемпионаттыгы биздин Ош шаарыбызда өткөрүлдү. Бул дагы биз үчүн чоң ийгилик. Былтыркы жылы спорт жаатыбыз үчүн 9 жарым миллион сом каражатты шаардык бюджеттин эсебинен бөлсөк, быйылкы жылы бул көрсөткүчтү 21 миллион сомго жеткирип, мэриянын казынасынан атайын каражат бөлүндү. Мунун өзү биз үчүн чоң ийгилик.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020