7 июля 2015, 12:55

Ө.Текебаев: "Биз динди мамлекеттин атаандашы катары карабайбыз"

Биз динди мамлекеттин атаандашы катары карабайбыз. Чубак ажы Жалилов "Ата-Мекен" партиясы менен алдыда боло турчу парламенттик шайлоого барабы же барбайбы азырынча бул туралуу эч нерсе айта албайм. Бул тууралуу, бүгүн, 7-июлда журналисттер менен болгон жыйында "Ата-Мекен" партиясынын лидери  Ө.Текебаев билдирди. Эске сала кетсек, буга чейин бир катар ММКларда Чубак ажы Жалилов алдыда өтө турчуу парламенттин шайлоого аталган партия менен бараары айтылган.

Белгилей кетсек, бүгүн,  7-июлда Жогорку Кеӊештин «Ата Мекен» фракциясынын  жетекчиси  Ө.Текебаев "Ата Мекен"  парламенттик фракциянын 5 жылдык ишинин  жыйынтыгына арналган маалымат-жыйын өткөрдү.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020