7 июля 2015, 14:29

Депутат Ө.Текебаев: “Ата Мекен” жасаган иш-аракеттери менен жаңы саясый салттарды, стреотиптерди калыптандырды”

Бүгүн, 7-июлда «Ата Мекен» фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев парламенттик фракциянын 5 жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарып, журналисттерге маалымат-жыйын өткөрдү.

2010-жылы жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш жаңы саясый түзүм иштеп кетүүсүн камсыздоо үчүн өкмөттүн, сот органдарынын, прокуратуранын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуучу мыйзамдардын Башмыйзамдын жоболоруна ылайык келтирилгендигине токтолгон фракция лидери бул иш-аракеттерде “Ата Мекен” фракциясынын активдүү роль ойногондугун баса белгиледи.

“Жаңы система иштеп кетиши үчүн саясый салт, традиция керек. “Ата Мекен” фракциясы өзүнүн позицияларында туруп жасаган иш-аракеттери менен жаңы саясый салттарды, стреотиптерди калыптандырды”,- дейт Ө.Текебаев. Ал фракциянын 5 жыл ичиндеги ишмердүүлүгүнө сандык маалыматтарды келтирди. “Ата Мекен” фракциясы 2010-2015-жылдары жалпысы 171 жыйын өткөрүп, 324 мыйзам долбоорун демилгелеген. Анын 132си кабыл алынган. Фракцияга 40677 кат түшүп, каралып, жооп берилген. Коомдук кабылдамаларда, депутаттардын кабылдоолорунда 41771 жаран келген.

Маалымат-жыйындын жүрүшүндө “Ата Мекен” партиясынын “Улуттар биримдиги” партиясы менен биригиши журналисттердин суроолорунун негизин түздү. Фракция лидери Ө.Текебаев күчтүү, көз карандысыз оппозиция болгондо гана курулган саясый система иштеп кетерин, саясый күчтөрдүн балансы жаралаарын айтты. “Өз алдынча күчтөр, партиялар өчүп, четтеп калбашы керек, антпесе, азыркы парламенттик система иштебей калат. Бул партия менен кызматташуу көп партиялуулук принцибинин сакталышы менен дагы байланыштуу. Биз болгону күчтөрүбүздү гана бириктирип жатабыз. “Улуттар биримдигинин” өз алдынчалуулугун тааныйбыз жана сыйлайбыз”,- дейт Ө.Текебаев.

Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, өз маалында мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкелерин, жаңы конуштарды мыйзамдаштыруу демилгеси боюнча дагы түшүндүрмө берди. Ө.Текебаевдин айтымында, көп сандаган тургундардын мындай үйлөрү мыйзамдаштырылбагандыктан, төрөлгөн балдарына күбөлүк ала албай, каза болгон жакындарынын сөөгүн коюуга шаар аймагынан жер бөлдүрө албай же шайлоого катыша албай, алардын көптөгөн укуктары корголбой жатат. “Мындай көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн жолдору бар. Ар бир учурду өз-өзүнчө талдап, чечип берели деп жатабыз”,- дейт фракция лидери.

Суроолорго жооп берип жатып, Ө.Текебаев дин мамлекеттин атаандашы катары каралбашы керек, мамлекеттик идеологияны түзүүдө ислам дининин баалуулуктарынан издөө зарыл деген пикирин билдирди. Ошону менен катар шайлоо алдында сунуштаган программаларында белгиленген максаттардын аткарылышына дагы кайрылып, мисалдарды келтирди. Ал эми “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча “Ата Мекен” партиясынын так позициясын, жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо зарылдыгын билдирди. “Чет элдик агент жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясын “Ата Мекен” фракциясы колдойт бирок, мыйзам долбоору кайра иштеп чыгуу керек”, дейт Ө.Текебаев.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020