8 июля 2015, 09:28

Т.Сариев: "Чек аралардын өз убагында ачылышы мамлекеттик органдардын сапаттуу жана иштиктүү ишмердигинен көз каранды"

Кечээ, 7-июлда, Премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Евразия Экономикалык союзнуна кошулуу алкагындагы даярдыкка арналган жыйын өттү. Бул тууралуу, Өкмөттүн басма-сөз кызматы билдирет. 

Жыйында Евразия Экономикалык союзуна кошулуу алкагында чек араларды ачуу боюнча чараларды ишке ашыруу, “Торугарт” , “Эркештам” бажы пунктарында үзгүлтүксүз интернет жана байланышты камсыз кылуу боюнча маалыматтык түйүндү ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Евразия Экономикалык союзуна кошулуу алдындагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын өкмөттөрүнүн ортосундагы атайын техникалык каражаттар менен камсыз кылуу даярдыгы тууралуу маселелер каралды.

Жыйын жүрүшүндө, Премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык союзуна кошулуу боюнча келишимди макулдашуу жараянын бул уюмдагы өнөктөш өлкөлөр жакынкы күндөрү толугу аяктарын белгилеп, чек араларды ачууга бардык мамлекеттик органдар даяр болушу керектигин эскертти.

Ошондой эле Темир Сариев бул багыттагы айрым кемчиликтерди тез аранын ичинде жоюу боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берди.

“Чек аралардын өз убагында ачылышы мамлекеттик органдардын сапаттуу жана иштиктүү ишмердигинен көз каранды. Тиешелүү органдардын жетекчилери бул багытта жоопкерчиликти сезип, тез аранын ичинде иштерди бүткөрүшү зарыл” -деди Темир Сариев.

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020