8 июля 2015, 10:04

Депутат М.Расулов акыйкатчы болууга талапкерлигин койду, ал эми кесиптештери аны колдошту

"Ар-Намыс" фракциясынан эки депутат акыйкатчы болууга ниеттенген. Бул тууралуу "ВБ"га кечээ, 7-июнда фракция лидери Феликс Кулов билдирди.

Депутат фракцияда ушундай принцип бар экенин: эгерде кайсы бир парламентчи кандайдыр бир демилге көтөрсө, анда аны фракция колдорун Кулов белгилеп өттү. Анын айтымында, бул жолу дагы ошондой болду, депутат Майрамбек Расулов акыйкатчы болууга талапкерлигин койду, ал эми кесиптештери аны колдошту.

"Андан тышкары депутат Нуркамил Мадалиев өз талапкерлигин коюуга ниеттенген эле, бирок тилекке каршы кеч кайрылып калды. Фракция ал кайрылган кезде өзүнүн талапкерин бекитип койгон болчу. Эки депутат тең татыктуу талапкерлер болмок",-деп билдирди Кулов.

Эскерте кетсек, 25-июнда парламент акыйкатчы Бактыбек Аманбаевди мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошоткон. Жаңы акыйкатчыны депутаттар 25-июлда шайлашы керек.

Парламент июль айынын соңунда жаңы акыйкатчыны шайлаш үчүн кезексиз жыйынга чогулууну чечишкен.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020