8 июля 2015, 13:44

Т.Сариев “Дастан” заводу жана Бишкек штамптоочу заводунун өндүрүштү токтотпоо үчүн көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди

Бүгүн, 8-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев  Бишкек шаарындагы “Дастан”  заводу жана Бишкек штамптоочу заводунун иши менен таанышты. Бул тууралуу, Өкмөттүн басма-сөз кызматы билдирет.

Премьер-министр коргоо-өндүрүштүк ишканалардын ишмердиги менен таанышып, учурдагы абалы жана көйгөйлөрү боюнча кабар алды. Премьер-министр аталган заводдор өлкө коопсуздугу жана өндүрүшү үчүн абдан чоң мааниге ээ экенин белгилеп, өкмөт бул обьекттерде өндүрүштү токтотпоо үчүн көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

“Бишкек штамптоочу заводунун иши акыркы жылдары токтоп калып, көптөгөн жабдыктар сатылып кеткен эле. Акыркы жылдары гана заводдун иши жандандыруу аракеттери көрүлүп жатат. Учурда заводдо кадрларды даярдоо боюнча маселе бар экен.  Өкмөт бул маселенин үстүнөн иш алпарат”-деди Темир Сариев.

Премьер-министр Темир Сариев коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевге аталган заводдордун ишин өнүктүрүү боюнча план иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020