8 июля 2015, 15:44

Ч. Турсунбеков: «Кыргызстандагы парламенттик демократия Борбордук Азия чөлкөмүнө өзүнүн оң таасирин тийгизе баштады»

«Кыргызстан парламенттик башкаруу формасын тандап алып, парламенттин конституциялык ыйгарым укуктары кеңейгенинен улам, Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын депутаттары адегенде бир аз кыйналды. Бирок, беш жыл аралыгында кыйла таатаал маселелерди чече ала турган, өлкөдө парламенттик демократияны калыптандырууга жана өнүктүрүүгө өз салымын кошуп жаткан  парламентке айланды. Муну тиш каккан саясатчылар дагы белгилеп жатат». Мындай пикирин Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди.

«Ырас «Кумтөр» долбоору өңдүү айрым бир очундуу маселелер азырынча аягына чыгарылбай турат. Бул жыйырма жылдан бери жөндүү чечилбей келаткан маселе экенин да эстен чыгарбашыбыз керек. «Кумтөр» маселесин чечебиз деп ашкере күчөтүп жиберген да, чече албай дымып турган учурлар да болду. Биз аны мамлекеттин келечек тагдырына балта чаап албагыдай өңүттө чечишибиз керек. Дегеле баардык маселелер ушундай чечилүүгө тийиш. Бул багытта Өкмөткө тиешелүү тапшырмалар берилди», - дейт Ч.Турсунбеков.

Депутат Жогорку Кеңеште болгон айрым талаш-тартыштар менен өз ара тирешүүлөргө шайлоочулардын анчалык ичи чыкпай турганын айтты. «Андай учурлар бар, муну моюнга алышыбыз керек. Бирок, биз парламенттик демократиянын койгон шарттарын да аткарышыбыз керек. Кандай гана татаал маселе болбосун, кызыкдар тараптар тарабынан уюштурулган көчөдөгү сүрмөтоптун таңуулоосу менен чечкенден көрө, маселени парламенттин өзүндө ийри отуруп – түз сүйлөп, ачык айтып – ак сүйлөп чечкенибиз дурус болот. Муну эстен чыгарбашыбыз керек», - дейт ал.

КСДП фракциясынын лидери Кыргызстандагы парламенттик демократия ушу тапта бүткүл Борбордук Азия чөлкөмүнө өзүнүн оң таасирин тийгизе баштады деген пикирин билдирди. «Азыр Өзбекстандын Президенти менен Казакстандын Президенти дагы парламенттик демократиянын артыкчылык жактарын белгилешүүдө. Бул Кыргызстандын парламенттик демократия жолун туура тандап алганын бир белгиси. Жогорку Кеңештин келерки чакырылышы парламентаризм салттарын калыптандыруу ишин андан ары уланта турганына ишенем», - дейт Ч.Турсунбеков.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020