8 июля 2015, 16:17

“Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 4-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам укук ченемдик актыларды инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча “Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун Конституцияга, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык Мыйзамга жана Жарандык процесстик кодекске шайкеш келтирүү максатында кабыл алынды.

Кабыл алынган Мыйзамдын негизги жоболору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн топологияларды коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарын аныктоого жана тактоого багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн  тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020