8 июля 2015, 16:33

К. Осмоналиев: “Бир тараптын кызыкчылыгын көздөбөгөн парламенттик плюрализм орун алды”

“Жогорку Кеңештин V чакырылышы жаңы парламенттик башкаруу системасын жолго салууда алгачкы “карлыгачтардан” болду. Ошондуктан, иштеги алгачкы сыноолорду акылга салып, өздөштүрүп кетүүгө туура келди. Беш фракция ар түрдүү ойлор менен, бир тараптын кызыкчылыгын көздөбөгөн,  парламенттик плюрализм  орун алды деп ишенимдүү айтсак болот”, - дейт Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев.

Аталган тармактык комитет билим берүү, илим, спорт, дин, жалпыга маалымдоо каражаттары, интелектуалдык менчик, архив маселелерин карай тургандыгын айткан К.Осмоналиев, жогоруда аталган багыттарга тиешелүү болгон мыйзам долбоорлорунун бир тобу өкмөт жана эл өкүлдөрү тарабынан сунушталып, кабыл алынгандыгын эске салды. “Бирок, айрымдары каржы маселеси чечилбей калгандыгынан улам аткарылбай калса, кээ бир мыйзамдар жүйөөсүз эле себептер менен ишке ашырылган жок”, - дейт.

“Мисалы, билим берүү тармагында көз карандысыз аккредитация болсун деп, ага тиешелүү болгон мыйзамды 2012-жылы кабыл алып бергенбиз. Тилекке каршы аны Билим берүү министрлиги  2016-жылга жылдырып берүүнү суранганда, ал колдоо таап кетти. Натыйжада жогорку окуу жайлары менен орто окуу жайлары өздөрүнүн  аттестациясын өткөрө алышпай, кезек күтүп калышты”,- дейт  К.Осмоналиев.

Ошондой эле депутат бала бакчалар, жогорку окуу жайлардын абалы боюнча Жогорку Кенештин токтомдору кабыл алынган менен, алардын толук кандуу аткарылбай жаткандыгын айтып кабатырлануусун билдирди. “Ошентсе да, ишке ашырылган маселелер жок эмес. Алардын катарында сертификаттык маселе, мугалимдердин статусу тууралуу жагдайлардын бар экендигин белгилөөгө болот”, - дейт К.Осмоналиев.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020