8 июля 2015, 16:43

Парламент......

Ошентип өткөн жумада парламент быйылкы жылдагы акыркы сессиясын өткөрүп, каникулга тарады. Бирок депутаттар жай саратан мезгилинде бири тоого, бири чөлгө барып эс алып, чартаңбай теппей тургандыгы белгилүү. Анткени күзүндө боло турган шайлоого кам көрүш керек. Ошондуктан “жерге түшүп”, 5 жыл бою “унутуп койгон” шайлоочулардын алдынан өтүү керек. 2017-жылдагы президенттик шайлоонун алдындагы парламенттик шайлоо өзгөчө курч маайда өтө тургандыгы азыртан эле белгилүү болуп калды. Бирок өздөрүнүн саясый ресурун түгөтүп койгон көпчүлүк депутаттар менен эл өкүлү болгусу келген саясатчылар жүзүн өзгөртүп, башка партияларга "тийип" жатышат же жаңысын түзүшүүдө. Кыскасы, “Качкан да Кудай дейт, кууган да Кудай дейт" демекчи, азыр бийликтегилер деле, оппозициядагылар деле депутат болуп шайлануунун камында жүрүшөт. Ал тургай бийликтин коррупцияга каршы күрөшү, алыскы айылдардагы оорукчан адамдарды текшерген врачтардын милдеттүү иши, ал тургай акындардын айтышы да саясатка айланып, кайсы бир партиянын жарнамасы болуп калууда. Бирок калың калк кимге ишенип, марага кайсы партиялар келээр экен?

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020