8 июля 2015, 17:28

Бишкек шаарынын 2 райондук сотунун төрагалары шайланды

Бишкек шаарынын Октябрь жана Ленин райондук сотторунун Төрагалары шайланды. Бул тууралуу ЖСнын басма сөз кызматы билдирди.

- Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун Төрагасы болуп Чоткараев Эрнис Устабаевич шайланды;
- Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун Төрагасы болуп Сейдакматова Аида Асанбековна шайланды.
7-июлда Жогорку сотунда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун жаңы шайланган судьяларынын ант берүү расмий аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш чара Жогорку сотунун Төрайымы Ф. Жамашеванын жана Жогорку соттун судьяларынын катышуусунда болду.

Жаңы шайланган Бишкек шаарынын райондук сотторунун судьялары биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалышты.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020