9 июля 2015, 15:43

Экономист: “Кыргызстан ЕАЭБге толук киргенден кийин күйүүчү-майлоочу майлар арзандашы мүмкүн”

Кыргызстан Евразия экономикалык  биримдигине (ЕАЭБ) толук мүчө болуп киргенден кийин Россиядан ташылган күйүүчү-майлоочу майдын баасы арзандашы мүмкүн. Мындай пикирин “Кабар” агенттигине Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын мурдагы жетекчиси, эксперт Жумакадыр Акенеев билдирди.

“Кыргызстан Бажы биримдигине кириши менен бизде күйүүчү-майлоочу май арзандашы керек эле. Бирок Россия экономикалык кризиске учурап, алар күйүүчү май аркылуу казынасынын кирешесин толтурушууда. Ошон үчүн ал жактагы заводдор кымбат баа менен кое берип жатышат.  Бажы биримдигине толук кандуу кирип, биримдик өз өкүмүн жүргүзө баштаса,Казакстан бизге 6 жылдан бери күйүүчү май экспорттоосу боюнча тыюу салган чектөөсүн алышы керек. Ошондо бизге Чымкенттен май алганга мүмкүнчүлүк болот. Биримдикке кирүү боюнча баардык иш-чаралар бүтөөрү менен жанагы Казакстандын бизге күйүүчү май сатпоого окшогон тыюулары алынат. Ошондо биз казактардан мунай сатып алып, аны Кара-Балтадагы «Жунда» заводубуздан иштетип алсак, баа арзандашы мүмкүн”,- деди ал.

Акыркы күндөрү Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы кескин жогорулоосу коомчулук арасында ар кандай пикирлерди жаратууда. Бул жагдайды эксперттер менен ММКлар күйүүчү-майлоочу майларга акциздик салыкты жогорулатуусуна да байланыштырууда.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020