10 июля 2015, 08:42

Нурсултан Назарбаев А.Атамбаевге агасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Кечээ, 2015-жылдын 9-июлунда, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге агасы Калыйбек Шаршеновдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

“Өзүңүздүн кадырлуу агаңыз Калыбектин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ушул азалуу күнү кайгыңызды тең бөлүшүп, көңүл айтам. Ыйык Орозо айында маркумдун жаны жанатта болуп, топурагы торко болсун”,- деп  айтылат Казакстандын   Президентинин телеграммасында.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020