10 июля 2015, 08:52

Бир катар өлкөнүн президенттери А.Атамбаевге кайгыруу менен көңүл айтышты

Президенттин басма-сөз кызматынын билдирүүсүнө боюнча кечээ, бир катар мамлекет башчылар Президент Алмазбек Атамбаевдин агасынын мезгилсиз дүйнөдөн кайтышына байланыштуу көңүл айтышты.

Кечээ, 2015-жылдын 9-июлунда, Башкыртстан Республикасынын Президенти  Рустэм Хамитов Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге агасы Калыйбек Шаршеновдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты. 

“Орду толгус жоготууңуздун  оор кайгысын  тең бөлүшүп, чын дилимден көңүл айтам. Сизге, Сиздин туугандарыңызга жана  жакындарыңызга күч-кубат, кайрат берсин”, - деп айтылат Башкыртстан Республикасынын Президентинин телеграммасында.

Ошондой эле, Грузиянын Президенти  Гиоргий Маргвелашвили Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге агасы Калыйбек Шаршеновдун  дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

“Бир туугандан  айрылуу –  орду толгус оор жоготуу. Жакын адамдарыбыздын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Жалпы грузия элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана Сиздин үй-бүлөңүзгө ушул оор жана кайгылуу  маалда чын дилимен көңүл айтам”, - деп белгиленет Грузиянын Президентинин телеграммасында.

Түркия Республикасынын Президенти  Реджеп Тайип Эрдоган телефон аркылуу байланышып, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге агасы Калыйбек Шаршеновдун  дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримов Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге агасы Калыйбек Шаршеновдун  дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

“Сиздин агаңыз Калыйбек Шаршеновдун   дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Сиздин башыңызга түшкөн оор кайгыңызга байланыштуу чын дилимен чыккан көңүл айтуумду кабыл алыңыз”, - деп айтылат Өзбекстан Республикасынын Президентинин телеграммасында.

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020