10 июля 2015, 11:10

Премьер-министирдин Талас облусуна бир күндүк иш сапары башталды

Бүгүн, 10-июлда, Премьер-министр Темир Сариевдин Талас облусуна бир күндүк иш сапары башталды. Бул тууралуу, биздин сайтка Өкмөттүн басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө Премьер-министр Талас районундагы Жерүй алтын кенинин иштетүү боюнча иштер менен таанышат. Муну менен катар жергиликтүү эл менен жолугуп, аймактын көйгөйлүү маселелери боюнча пикир алмашат.

Ошондой Манас районундагы “Чоң-Капка” бажы өткөрмө пунктунун жана Кара-Буура району, Талас шаарындагы өнөр жай жана обьекттеринин абалы менен таанышат.

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020