10 июля 2015, 12:47

"Ак-Ниеттин" лидери Дастан Бекешев КСДП менен бириккенин билдирди

2010-жылы мен «Ар-Намыс» партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайландым. Партия парламенттин курамына кирерине жана ошону менен бирге 25 депутттык мандатка ээ болоруна саналуулар гана ишенишкен. Бирок, жүз миңдеген адамдар «Ар-Намыска» ишеништи жана тандашты. Мен бул үчүн аларга терең ыраазымын.

Партия көптөгөн маселелерди койгон, менин оюмча, биздин программа мыктылардын бири болгон. Бирок, парламентке келген соң, биз жеңишти өз колубузда кармай алган жокпуз, көп убадалар аткарылбай, 2012-жылы жергиликтүү шайлоолордо «Ар-Намыс» утулууга дуушар болду. Ага объективдүү дагы, субъективдүү себептер таасир этти.

Жогорку Кеңеште дуушар болгон кыйынчылыктарга карабастан, арнамысчыл-депуттар активдүү депутттардын катарын тоуктап келишет, алар тарабынан мамлекетке керектүү жана пайдалуу мыйзам долбоорлору демилгеленген. Алардын ишмердүүлүгүнө акыркы бааны эл, шайлоочулар өзүлөрү бериши керек.

Өзүм жөнүндө айтсам, парламентке келгени, мен саламаттыкты сактоо жана билим берүү жаатындагы абалды жакшыртуу, майып адамдардын жана жетим балдардын укуктарын коргоо, жол кыймылынын коопсуздугунун денгээлин жогорулатуу, салык салууну оптималдаштыруу жана башка демилгелерди ишке ашырдым. Менин мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүм 2010-жылы бизге ишенич көрсөткөн «Ар-Намыс» партиясынын шайлоочулары аркылуу мүмкүн болду.

Менин депутаттык ишмердүүлүгүм убагында бардык ой-пикирим «Ар-Намыстын» лидеринин көз караштары менен дал келген жок. Ошол себептен, 2014-жылы жаш жана прогрессивдүү жарандар менен бирге «Ак-Ниет» саясий партиясын түздүк. Прогрессивдүү жарандарды бириктирүү, демократиялык идеяларды жүзөгө ашыруу, мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндө ачыктык жана отчеттуулукту камсыз кылуу, эл агартуу жана билимдүүдүктүн идеологиясын пропагандалоо - биздин партиянын максаттары болуп саналат.

«Ак-Ниет» жаш партия экендигин, ошондой эле Президент Алмазбек Атамбаевдин мамлекетти өнүктүрүүдөгү оң натыйжалуу иш-аракеттерин эске алуу менен «Ак-Ниет» партиясы парламенттик шайлоодо, Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) менен бирге баруу тууралуу чечим кабыл алды.

Президент Атамбаев, өзүнүн тегерегине жаш жана прогрессивдүү адамдарды топтоого ниеттенүүдө, биз ага жардам берүүбүз керек. Биз, «Ак-Ниет» партиясынын мүчөлөрү, президенттин башкаруусу менен «КСДП» партиясы парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаты кызматына татыктуу болгон, бирдиктүү жана күчтүү команданы сунуштарына ишенебиз.

Ошол себептен, бардык мени колдогон, мага ишенген жана көз караштарымды тең бөлүшкөн адамдарды келе жаткан парламенттик шайлоодо «КСДП» саясий партиясынын депутатттыкка талапкерлерин колдоого чакырам.

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020