10 июля 2015, 13:48

Уфада Шанхай Кызматташтык Уюмунун таар чөйрөдөгү отуруму өтүп жатат

Россиянын Уфа шаарында бүгүн, 10-июлда жергиликтүү саат 12:00до Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин Кеңешинин отуруму башталды.

Самитти Россиянын президенти Владимир Путин ачты. ШКУнун отуруму таар чөйрөдө «1+1» форматында, жабык эшик артында өтүп жатат.

Кыргызстандын расмий жумушчу тобун президен Алмазбек Атамбаев менен тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жетектейт.

Отурум кийинки саатта кеңири курамда «1+10» форматында иш алып бара баштайт.

Кеңештин күн тартибинде Уюмду мындан ары өнүктүрүү, анын эл аралык аренадагы ролун бекемдөө, актуалдуу дүйнөлүк жана аймактык маселелер боюнча координацияларын бекемдөө маселелери талкууланат. Ошондой эле ШКУга Индия менен Пакистанды мүчөлүккө кабыл алуу процедуралары жөнүндөгү чечим талкууланат.

ШКУ 2001-жылдын 15-июнунда Кыргызстан Казакстана, Кытай, России, Тажикистан жана Өзбекстандын лидерлери тарабынан түзүлгөн.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020