10 июля 2015, 16:01

Өкмөт башчы бир катар кадрдык дайындоолорду жүргүздү (тизме)

Анарбаев Гуламжан Сатвалдыевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу, "Кабарлар" МА Өкмөттүн басма-сөз кызматынан билдиришти. Ошондой эле, Шерипов Нурлан Турганбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев кол койгон.

Джунушалиев Айбек Джанышбекович Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды.

Суваналиев Болот Исакович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат төрагасынын биринчи орун басары кызматына дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат төрагасынын орун басары Шыйкымбаев Саламат Капанович ээлеген кызматынан бошотулду.

Тийиштүү буйрукка  Премьер-министи Т.Сариев кол койгон.

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020