10 июля 2015, 16:24

Экс-министр К.Султанов «Ата Мекендин» катарынан чыкты

КРнын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин мурдагы жетекчиси Калыкбек Султанов «Ата Мекен» партиясынан чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда АКИpress МА партиядагы жеке булактарына таянып жазат.

Эске салсак, 2011-жылдан бери К.Султанов «Ата Мекен» партиясынын квотасы боюнча транспорт жана коммуникациялар министри кызматын ээлеп келген. 2015-жылдын апрелинде өз каалоосу менен кызматынан кеткен.

Экс-министр өзү партиядан кеткендиги тууралуу тастыктай элек.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020