10 июля 2015, 16:48

Сариев Талас шаарындагы өндүрүштүк объектилер менен таанышты

Бүгүн, 10-июлда, Премьер-министр Темир Сариев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаардык жол-кайгуул кызматынын жаңы имаратынын ачылыш салтанатына катышты.

Премьер-министр өкмөт укук коргоо органдарына камкордукту күчөтүү боюнча бардык аракеттерди көрүп жатканын маалымдады. Муну менен катар укук коргоо кызматкерлерине талап күчөтүлөөрүн белгилеп, коррупциялык көрүнүштөргө жол берген жана мыйзамды так сактабаган кызматкерлер жазага тартылаарын билдирди.

Андан соң премьер-министр Темир Сариев Талас шаарындагы сүт азыктарын кайра иштетчү “Озон-Ата” ишканасынын ишмердиги менен таанышты. Учурда 50 адамды иш менен камсыз кылган аталган ишкана 12 жылдан бери иштеп келет. Жер-жерлерде дал ушундай кайра иштетүүчү ишканалардын болушу керектигин белгилеген Премьер-министр Темир Сариев Кыргызстандын Евразия экономикалык союзуна кирүү шартында мындай обьекттердин мааниси артаарын билдирди.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020