10 июля 2015, 17:17

Атамбаев: Шанхай кызматташтык уюмунун кеңейиши анын мүмкүнчүлүгүн арттырат

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Шанхай кызматташтык уюмунун кеңейиши анын саясий жана экономикалык мүмкүнчүлүгүн арттырат, Бишкек бул процессти колдо
орун билдирди. 

"Бул документ өз ара пайдалуу кызматташууну тереңдетүүгө болгон умтулуубузду көрсөтүп жатат. Андан сырткары ШКУнун мүчөлөрүнүн регионалдык жана эл аралык түйүндүү делген маселелерде позициясы бир", — деди Атамбаев аталган уюмга мүчө өлкөлөрдүн жетекчилеринин отурумунда.
Атамбаев Индия менен Пакистандын уюмга кабыл алуу процедураларынын башталышын, Белоруссияга байкоочулук макамдын берилишин жана Азербайжан, Армения, Непал менен Камбоджага ШКУ диалогу боюнча өнөктөш статусун берилишин Кыргызстан колдой тургандыгын билдирди.
"Бул кадамдарыбыз биздин уюмубуздун саясий жана экономикалык мүмкүнчүлүгүн бир топ арттырат. ШКУнун кеңейип башташы менен аталган уюмдун алкагында жаңы саясий жана экономикалык шарттар түзүлө баштамакчы",— деди президент Атамбаев.
Атамбаев ШКУнун жыйыны өтүп жаткан Уфа шаарына кечээ кечинде, мурдагы пландалган убакыттан кечирээк учуп барды. Ал ШКУга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин расмий жыйынынан кийин, дароо Бишкекке кайтат. Агасынын каза болгондуга байланыштуу Афганистан жана Иранжын президенттери менен боло турган эки тараптуу жолугушуусун өткөрбөй турган болду.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020