10 июля 2015, 17:39

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов А.Атамбаевге көңүл айтты

Бүгүн, 2015-жылдын 10-июлунда, Түркмөнстандын  Президенти  Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге агасы Калыйбек Шаршеновдун  дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.
“Ушул оор учурда  Сизге кайрат, күч-кубат каалайм. Сиздин бардык туугандарыңызга жана  жакындарыңызга чын дилимен чыккан көңүл айтуумду жеткирип коюуңузду өтүнөм”, - деп айтылат Түркмөнстандын Президентинин телеграммасында.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020