10 июля 2015, 17:52

В.Путин: “Индия менен Пакистандын ШКУга биригүүсү – уюмдун өнүгүүсүнүн жаңы баскычы”

Индия менен Пакистандын Шанхай кызматташтык уюмуна биригүүсү – уюмдун өнүгүүсүнүн жаңы баскычы болуп саналат. Бул тууралуу бүгүн Уфада ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин кеңейтилген жыйынынын жүрүшүндө Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин билдирди.

“Бүгүнкү саммит уюмдун өсүүсүнүн жаңы этабын ачат. Уюм түзүлгөндөн бери биринчи жолу жаңы мүчөлөр – Индия менен Пакистанды кабыл алуу процедурасы жүрүүдө”,-деди ал.

Ошондой эле, В.Путин ШКУга мүчө-мамлекеттердин лидерлери Беларусь республикасынын ШКУнун иштерине катышуу макамын байкоочу-мамлекетке көтөрүү үчүн макулдашышты. Ал эми Азербайжан, Армения, Камбоджа жана Непал өлкөлөрү ШКУга сүйлөшүүлөр боюнча өнөктөш катары биригүүдө.

“Дагы бир катар мамлекеттер биздин уюмдун тигил же бул формасына биригүүгө кызыкдар болушууда. Тиешелүү талаптарга ылайык алардын билдирүүлөрүн карап көрөбүз. ШКУнун ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүнүн бири мурдагыдай эле аймакта жана ШКУнун тышкы чек араларында коопсуздукту камсыздоо маселеси бойдон калат”,-деди В.Путин.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020