13 июля 2015, 08:40

А.Атамбаев Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту (СҮРӨТ)

2015-жылдын 12-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга расмий сапар менен келген Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-индиялык кызматташуунун соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы маселелери талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев ардактуу мейманды тосуп алып: “Бүгүнкү жолушуубузга жана Сиз менен Кыргызстан жана Индиянын ортосунда достук мамилелерди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу мүмкүнчүлүгүнө кубанычтамын. Кыргызстан Сиздин өлкө менен эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө кызыктар. Сиздин бул сапарыңыз мамилелерибизди мындан ары активдештирүүгө түрткү берет деп ишенем”.

Өз кезегинде Премьер-министр Нарендра Моди жылуу кабыл алгандыгы үчүн Мамлекет башчысына ыраазычылык айтып, кыргыз-индиялык мамилелердин ырааттуу өнүгүп жаткандыгын канааттануу менен билдирди.

Премьер-министр Нарендра Моди Кыргызстан башкаруунун парламенттик формасын тандап алган Борбордук Азиядагы жападан жалгыз өлкө экендигин белгиледи. “Мен Борбордук Азияга келгендигиме абдан кубанычтамын. Кыргызстанга бул менин биринчи сапарым. Мен Кыргызстанга региондогу демократияны өнүктүрүп жаткан өлкө катары келдим. Мен бул жерге келгендигиме сыймыктанам. Кыргызстан региондогу жана дүйнөдөгү өлкөлөргө жакшы үлгү болуп, дем берип турат”,-деди ардактуу мейман.

Тараптар Премьер-министр Нарендра Модинин сапары Кыргызстан менен Индиянын ортосунда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө кубаттуу түрткү берет деген ишенимин билдиришти.

Андан соң жолугушуу кеңири курамдын катышуусунда улантылат.

А.Атамбаев Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту (СҮРӨТ)

А.Атамбаев Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту (СҮРӨТ)

А.Атамбаев Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту (СҮРӨТ)

А.Атамбаев Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту (СҮРӨТ)

А.Атамбаев Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту (СҮРӨТ)

А.Атамбаев Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту (СҮРӨТ)

А.Атамбаев Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту (СҮРӨТ)

А.Атамбаев Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту (СҮРӨТ)

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020