13 июля 2015, 09:21

А.Атамбаев жана Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди билдирүү жасашты

2015-жылдын 12-июлунда, Президент Алмазбек Атамбаевдин Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Моди сүйлөшүүлөрдү аяктаган соң басма сөз кызматкерлери үчүн билдирүү жасашты. Бул тууралуу, Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. Маалыматка ылайык, Алмазбек Атамбаев Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга расмий сапары достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн маанайында өтүп жаткандыгын белгиледи. “Бүгүн Индия глобалдуу таасирдин негизги борборлорунун бири болуп саналат. Албетте, биздин регион үчүн, анын ичинде Кыргызстан үчүн абдан маанилүү өнөктөш”,- деди Мамлекет башчысы. -Дипломатиялык мамилелердин 20 жылдан ашуун тарыхында биз толук кандуу өнөктөштүк диалогду калыптандырдык. Биз Индия менен мындан дагы тыгыз эки тараптуу кызматташууга даярбыз”.

“БУУнун жана башка эл аралык, регионалдык түзүмдөрдүн алкагында тыгыз жана жемиштүү өз ара аракеттенишүү калыптанды. Бүгүн биз Индиянын Шанхай Кызматташуу Уюмуна кошулушун чын дилибизден кубаттайбыз”,-деди Мамлекет башчысы.

Президент Алмазбек Атамбаев сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктап келип, бүгүн кыргыз-индиялык эки тараптуу кызматташуунун жаңы ориентирлери жана багыттары аныкталгандыгын белгиледи. “Биз мамилелерди жаңы деңгээлге алып чыгуу үчүн биргелешип туруктуулук менен иштешүүгө макулдаштык”,-деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Андан тышкары, Алмазбек Атамбаев белгилегендей, жолугушуунун жүрүшүндө терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү сыяктуу регионалдык жана эл аралык проблемалар талкууланды.

Мамлекет башчысы бүгүн кабыл алынган Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын ортосунда биргелешкен Билдирүү эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди жана өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары тереңдетүү жана чыңдоо боюнча тараптардын ниетин жана көз караштарын чагылдырган негизги документ болуп калууга тийиш экендигин баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле Индиянын Премьер-министринин сапарында жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр гана абдан көп болбостон, иш-чаралар дагы арбын экендигин белгилеп өттү. Сапардын алкагында Индия менен Кыргызстандын госпиталдарынын ортосунда байланышты ишке ашыруу пландаштырылууда. “Эки өлкөнүн дарыгерлери онлайн режиминде консультацияларды жүргүзүп, оорукчандарды дарылоону ишке ашырат. Андан тышкары, индиялык тарап Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине БУУнун тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн аскердик-талаа госпиталын камсыз кылуу үчүн медициналык жабдуу өткөрүп берет”,- деди Президент.

Ошондой эле, расмий сапар аяктаарда Премьер-министр Нарендра Модинин катышуусу менен индия элинин улуу уулу Махатма Гандинин бюстунун ачылыш аземи болоору белгиленди. “Махатма деген “көрүнүктүү жан” дегенди туюндурат. Бүгүн мен Нарендра Моди мырзанын жүрөгү таза, жакшы адам экендигине ынандым. Биз талкуулаган бардык маселелер боюнча толугу менен өз ара түшүнүштүк,-деди Президент Алмазбек Атамбаев. - Биз Индиянын Премьер-министринин Кыргызстанга жасаган сапары мамилелерибизди өнүктүрүүгө күчтүү түрткү берип, мамилелерибизди өнүктүрүүдөгү жаңы этап болуп, мамилелерибиздин тарыхында жаңы барак ачат деп ишенебиз”.

Сөзүнүн соңунда Президент Алмазбек Атамбаев Индияга жооп иретинде сапар менен келип кетүүгө чакыргандыгы үчүн Нарендра Модиге ыраазычылык билдирди.

Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди өз билдирүүсүндө эки мамлекет тең бирдей демократиялык баалуулуктарды кадырлагандыгы Кыргызстан менен Индияны бириктирээрин, ошондой эле регионалдык коопсуздукка жана терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүнү колдоого алууга багытталган жалпы кызыкчылыктар баш коштуруп тургандыгын белгиледи.

Нарендра Моди ошондой эле, айыл чарбасында, билим берүүдө жана техникалык кызматташуу тармагында эки тараптуу мамилелерди активдештирүү зарылчылыгын белгиледи.

Мартабалуу мейман ошондой эле Кыргызстандын ЕАЭБ кошулушу соода тармагындагы эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге алып чыгууга жакшы мүмкүнчүлүк болуп саналаарын баса белгиледи.

Индиянын Премьер-министри сөзүнүн соңунда Индиянын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү жана ШКУнун толук укуктуу мүчөсү катары талапкерлигин колдоо көрсөткөндөгү үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирди.

А.Атамбаев жана Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди билдирүү жасашты

А.Атамбаев жана Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди билдирүү жасашты

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020