13 июля 2015, 10:48

Кыргызстан менен Индиянын ортосунда бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду (тизме)

2015-жылдын 12-июлунда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында, кеңири курамдагы жолугушуулардан соң кыргыз-индиялык эки тараптуу макуладашууларга кол коюу салтанаттуу аземи өткөрүлдү.

Салтанаттуу аземдин жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев менен Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын ортосунда Биргелешкен Билдирүү кабыл алышты.

Андан тышкары, Кыргызстандын Мамлекет башчысынын жана Индиянын Премьер-министринин катышуусунда төмөндөгү документтерге кол коюлду:

• Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда аскердик тармакта кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

• Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Индия Республикасынын Маданият министрлигинин ортосунда маданият, искусство, жаштар, спорт жана ЖМК тармактарында макулдашуу.

• Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдары өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы менен Индия Республикасынын Шайлоо комиссиясынын ортосунда шайлоолор тармагында кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

• Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги (Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор (СМБ) менен Индия стандарттарынын бюросунун (BIS) ортосунда меморандум.

Кыргызстан менен Индиянын ортосунда бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду (тизме)

Кыргызстан менен Индиянын ортосунда бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду (тизме)

Кыргызстан менен Индиянын ортосунда бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду (тизме)

Кыргызстан менен Индиянын ортосунда бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду (тизме)

Кыргызстан менен Индиянын ортосунда бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду (тизме)

Кыргызстан менен Индиянын ортосунда бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду (тизме)

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020