13 июля 2015, 15:13

Т.Сариев: "Кыргызстан менен Польшанын ортосунда экономикалык кызматташтык өнүгүп жатат"

Бүгүн, 13-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев  Польшанын экономика министринин орун басары Анжей Дыха баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу, Өкмөттүн басма-сөз кызматынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Кыргызстан жана Польшанын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүү маселесин талкуулады.

Жолугушуу жүрүшүндө акыркы жылдары кыргыз-польша алакалары активдешип жатканын белгилеп, Бишкекте өтүп жаткан Кыргызстан  жана Польша өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-жыйыны бул багытта кызматташууну өнүктүрүүгө салым кошот деген ишенимин айтты.

«Кыргызстан менен Польшанын ортосунда экономикалык кызматташтык өнүгүп жатат. Бирок анын көлөмүн мында жогору кылууга аракет кылышыбыз керек. Бул үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар»-деди Темир Сариев.

Темир Сариев Польша өкмөтүнүн айыл чарба тармагына өнүктүрүүгө максатында бөлүнө турган 40 миллион евролук насыя эффективдүү пайдаланат деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Анжей Дыха Польша Кыргызстан менен соода-экономикалык тармакта кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020