13 июля 2015, 18:17

А.Жээнбеков Сауд Арабия Королдугунун элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 13-июлда Сауд Арабия Королдугунун Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы кабыл алды. Бул тууралуу, Жогорку Кеңештин басма-сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, маданий-гуманитардык жана саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу сындуу маселелер талкууланды.

Эки мамлекеттин ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө оң баасын берген Төрага А.Жээнбеков эки жактуу алакалардын бекемделишин шарттаган КР Президенти А.Атамбаевдин 2014-жылдын декабрындагы Сауд Арабияга болгон расмий иш сапары менен 2013-жылдын сентябрындагы Сауд Арабиянын Аш-Шура Мажилисинин спикери Абдулла ибн-Мухаммед аль Аш-Шейхтин Кыргызстанга болгон иш сапарынын ордун баса белгиледи. “Мындай диалогдун ийгиликтүү улантылышы үчүн биз сиздер менен болгон ишибизди жандандырышыбыз зарыл. Биздин бирдиктүү ишмердүүлүгүбүздүн натыйжалуулугунун критерийи реалдуу жетишкендиктер болушу абзел”,-дейт Төрага А.Жээнбеков.

Өз кезегинде элчи Абдурахман бин Саид Аль-Жума Сауд Арабиянын Кыргызстан менен мындан ары дагы активдүү кызматташууга кызыкдар экенин билдирип, Төрагага Кыргызстан парламентинин бир катар маанилүү макулдашууларды ратификациялагандыгы үчүн ыраазычылыгын айтты. Маселен, Кыргызстан менен Сауд Арабиясын ортосундагы түз аба каттамын түзүү жөнүндө келишимдер, эки өлкө ортосундагы кызматташуу жөнүндө башкы макулдашуулар. Келечектүү болгон эки тараптуу долбоорлорду алга жылдыруу илеясын кубаттаган элчи Абдурахман бин Саид Аль-Жума Бишкекте Кыргызстан Сауд Арабия маданий борборун түзүү боюнча сунушту ишке ашыруу зарылдыгын билдирип, буга Төраганын көмөктөшүүсүнө үмүт артарын белгиледи.

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020