14 июля 2015, 10:16

В.Путин Кыргызстандын ЕАЭБге кирүү макулдашуусун ратификациялады

РФ президенти Владимир Путин Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу макулдашуусун ратификациялады. Тийиштүү документ дүйшөмбү күнү расмий порталда жайгаштырылган.

Кыргызстан биримдикке кошулуу боюнча ички процедураларды 22-май күнү аяктаган.

КРнын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу туурасындагы макулдашууга өткөн жылдын аягында Москвада өткөн Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында кол коюлган. 

Учурда макулдашууну биримдикке мүчө мамлекеттердин парламенттери колдоп беришти. Президенттер кол койгондон кийин Кыргызстан уюмга толук кандуу мүчө болот.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020