14 июля 2015, 10:54

КР Өкмөтү менен Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы макулдашуулар ратификацияланды

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев “2015-жылдын 15-июнунда Жичжао шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Элдик Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк альтернативалык  жолу,  Арал-Казарман участогу (195-291 км) долбоорун каржылоо боюнча макулдашууларды ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 26-июнунда кабыл алынган.

Ушул Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жогоруда көрсөтүлгөн  Алкактык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кытай тарапка кабарлоо милдети тапшырылды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине жогоруда көрсөтүлгөн Өкмөттүк концессиялык макулдашуунун жана Жеңилдетилген кредиттик макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы  тарабынан  аткарылганы жөнүндө кытай тарапты кабарлоо милдети тапшырылды. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн  тартып он күн өткөндөн кийин  күчүнө кирет.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020