14 июля 2015, 11:06

Кыргызстанда жарандык коомчулукту өнүктүрүү жана өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн бекемдөө маселелери талкууланды

Жогорку Кеңештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков кечээ, 13-июлда Ага Хан өнүктүрүү түйүнүнүн Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Шамш Кассим-Лакханы кабыл алды. Бул тууралуу, ЖКнын басма-сөз кызматынан кабарлашты. Алардын берген маалыматы боюнча, Төрага А.Жээнбеков өткөн жылдын 4-ноябрында Принц Карим Ага Хандын Кыргызстанга болгон иш сапарынын маанисин баса белгилеп, Ага Хан өнүктүрүү түйүнүнүн өлкөдөгө белгилүү бир социалдык-экономикалык көйгөйлөрдүн чечилишине жана республиканын бийик тоолуу аймактарындагы калктын аялуу катмарынын шарттарын жакшыртууга көрсөткөн көмөгүнө ыраазычылык билдирди.

А.Жээнбеков фонд тарабынан бир катар социалдык долбоорлордун, анын ичинде жарандык коомчулукту өнүктүрүү программасын, жай мезгилинде жайлоолорго бала бакчаларды уюштурууну ишке ашыруунун маани-маңызына токтолду. Төрага Ага Хан агенттигинин мекемелери уюштурган Биринчи микронасыялык компания менен Кыргыз инвестициялык-насыялык банктын  (KICB) ишмердүүлүгүнө оң баасын берди.

Жолугушууда бир катар маселелер, анын ичинде Нарын шаарындагы Борбор Азия университетинин (БАУ) бүтүрүүчүлөр үчүн Гуманитардык жана прикладдык илимдер мектеби менен Өнүктүрүү жогорку мектебинин кампустарынын курулушунун жүрүшү талкууланды. Ага Хан өнүктүрүү түйүнүнүн башчысы Төрагага БАУ кампусунун курулушу долбоорун иш жүзүнө ашыруунун жүрүшү тууралуу айтып берди. Анын айтымында, обьекттин курулушу аныкталган бюджеттин алкагында жүргүзүлүп жатат, ал өз мөөнөтүндө бүткөрүлмөкчү. “Биз 2016-жылдын сентярынан тартып абитуриенттерди кабыл алууну пландаштырып жатабыз” деген өкүлчүлүк башчысы Назарбаев атындагы университет БАУ менен кызматташуу ниети бар экенин билдиргендигин айтты.

“Аталган долбоорду ишке ашыруу мамлекеттин билим берүү жаатындагы потенциалын күчтөндүрөт жана ошондой эле Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен чогуу жалпы Нарын облусунун ички түзүмдөрүн өнүктүрүүгө көмөкчү болот”- дейт А.Жээнбеков. Ал Нарын облусу аркылуу өтүүчү пландаштырылып жаткан темир жолдун курулушу тууралуу дагы кошумчалады. Ага хан өнүктүрүү түйүнүнүн башчысы Нарын шаарына парк, Үй-бүлөлүк медицина жана диагностика клиникасын, мейманкана жана ошондой эле БАУнун профессордук –окутуучулук жамааты үчүн туракжай кварталын куруу тууралуу учкай маалымат берди.

Мындан сырткары, жолугушууда Кыргызстанда жарандык коомчулукту өнүктүрүү жана өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн бекемдөө маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнүн келечеги тууралуу пикир алышуу болду.

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020