14 июля 2015, 12:09

Т. Ажыгулов: “Кыргызстан ЕАЭБге толук киргенден кийин айрым курулуш материалдары кымбаттап кетиши мүмкүн”

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) толук мүчөлүккө өткөндөн кийин ушул уюмдун катарындагы мамлекеттерден импорттолгон  курулушматериалдарынын баасы арзандап, тескерисинче үчүнчү өлкөлөрдөн ташылган курулуш материалдары кымбаттап кетиши мүмкүн.  Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Темирбек Ажыгулов билдирди.

“Кыргызстанга темир, арматура, сыр, сантехникалык тетиктер сыяктуу негизги курулуш материалдары Россия менен Казакстандан келет. Андыктан, республикабыз ЕАЭБге толук мүчөлүккө өткөн соң ал курулуш материалдардын баасы арзандашы күтүлүүдө. Ошол эле учурда буюмга мүчө эмес мамлекеттерден ташылган курулушматериалдарынын баасы көтөрүлүшү күтүлүүдө. Ал жагы ЕАЭБдин чегинен сырткары мамлекеттер үчүн бажы төлөмү кандай чектелгендигине да жараша болот. Бирок, бизге сапаттуу кафелдер, түтүктөр жана башка курулушка керектүү мамлекеттер Европадан, Түркиядан, Ирандан жана башка өлкөлөрдөн ташылат. Мындай баалардын өзгөрүүсүнөн курулушчулардын кызматы менен туракжайлардын баасы да арзандап же кымбатташы мүмкүн”,- деди Т. Ажыгулов.

Акыркы кезде республикалык ММКларда Россиядагы каржылык кризистен улам Кыргызстанда курулуш тармагы солгундап, курулушчулардын эмгеги да арзан бааланып жаткандыгы жазылууда. Бул жагдай республикабыздын ЕАЭБге кирүүсү менен өзгөрүүсү күтүлүүдө.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020