14 июля 2015, 12:42

А.Атамбаевге мамлекеттик чек арадагы жагдай туурасында маалымат берилди

Бүгүн, 2015-жылдын 14-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды. Бул тууралуу, Президенттин аппаратынын басма-сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы жагдай, чек араны коргоо жана кайтаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында маалымат берилди.

Раимберди Дүйшөнбиев ошондой эле өлкөнүн Мамлекетик чек ара кызматынын коңшу мамлекеттердин чек ара ведомстволору менен кызматташууну чыңдоо боюнча иштери тууралуу айтып берди. Тактап айтканда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын бойлото жайгаштырылган Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара заставаларынын начальниктери үчүн биргелешкен окуулар өткөрүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары жолугушууда өлкөнүн мамлекеттик чек арасынын айрым участокторундагы инженердик курулмаларды куруу ишинин жүрүшүнө байланыштуу маселелер дагы талкууланды.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020