15 июля 2015, 09:39

КРнын Салык кодексине толуктоо киргизилди

КHнын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу, Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. 

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 24-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам  республикабыздын калкын  жана экономика тармактарын күз-кыш мезгилинде  электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын территориясына   импорттолгон электр энергиясын КНСтен бошотууну карайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн  тартып  он күн  өткөндөн кийин  күчүнө кирет.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020