15 июля 2015, 09:45

Сарпашев: шайлоо үчүн жабдыктын алгачкы бөлүгү апта соңуна чейин келет

Шайлоо өткөрүү үчүн жабдыктардын алгачкы бөлүгү апта аягына чейин келе турганын биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди.

Сүйлөшүүлөргө ылайык, Техникалык жабдуу Япониянын өкмөтү тарабынан каржыланат. 

Долбоордун бюджети 6 миллион долларды түзүүдө. Бул акчага үч миң лэптоп, манжа издери үчүн үч миң сканер, сервердик жана түйүн жабдуусунун комплектиси, төрт миң термопринтер, 2500 дубалга илинүүчү мониторлор алынат.

Добуш берүүдө атайы экрандан шайлоочулардын аты-жөнүн чагылдырып турат. Бул байкоочуларга добуш менен берип жаткан адам маалыматта көрсөтүлгөн жаран экенин көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. 

Аталган система 2015-жылдын күз айларына пландаштырылган парламенттик шайлоодо пайдаланылат.



Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020