15 июля 2015, 10:32

Д.Бекешов: "Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтүшү мүмкүн"

Жогорку Кеңешке шайлоо 2015-жылдын 4-октябрында өтүшү мүмкүн деди депутат Дастан Бекешов.

Анын айтымында, бул маселе шейшемби күнү президенттин аппаратында талкууланган.

"Шайлоону 2005-жылдын 4-октябрында өткөрүү боюнча айтылды. Кыязы, президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешке шайлоо өткөрүү боюнча убакытты белгилеген Жарлыкка июлдун аягына кол койсо керек", — деди Бекешов.

Июндун башында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов шайлоону 24-октябрда өткөрүүнү сунуштаган. 

"Ар-Намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов июлдун башында президентке ачык кат жолдоп, шайлоону 2015-жылдын 1-ноябрында өткөрүүнү өтүнгөн. Депутаттын пикиринде, шайлоону бир нече күнгө кечирээк жылдыруу аны өткөрүүдө биометрикалык маалыматтар менен автоматташтырылган үкөктөрдү колдонууга даярданып алууга убакыт берет.



Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020