29 июля 2015, 17:41

ЖКнын пара менен кармалган депутаты Х.Коркмазов тахикардия менен ооруйт, - булак

Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин туугандарынан пара алып жаткан жеринен кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Хаджимурат Коркмазов тахикардия менен ооруйт. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда АКИpress агенттигине булактар билдиришти.

Мурдараак, Х.Коркмазов ден-соолугуна байланыштуу УКМКнын медбөлүмүнө жеткирилгени тууралуу кабарланган.

«Ал жүрөк оорусуна байланыштуу СИЗОнун медпунктуна которулган. Кийин белгилүү болгондой анын оорусу - тахикардия», - деди ал.

Тахикардия — жүрөктүн согуу жыштыгы мүнөтүнө 90 соккуга чейин жогорулоосу. Тахикардия оорунун белгиси боло алат, анткени ал көптөгөн оорулардын чыгышын шартташы мүмкүн.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021