29 июля 2015, 17:43

“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамга толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 17-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – товар жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуучуларга накталай же накталай эмес формада төлөө ыкмасын тандоо укугун кеңейтүү менен накталай эмес эсептешүү үлүшүн көбөйтүү.

Мыйзам расмий жарыяланган  күндөн тартып эки айдан кийин күчүнө кирет.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021