30 июля 2015, 09:11

КСДП фракциясынын депутаттары Алай, Чоң –Алай райондорунан келген өкүлдөр менен жолугушту (СҮРӨТ)

КСДП фракциясынын депутаттары Алай, Чоң –Алай райондорунан келген өкүлдөр менен жолугушту. Жолугушууга КСДП депутаттык фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков, депутаттар Абдыманап Кутушев, Ирина Карамушкина, Карамат Орозова, Эркин Сакебаев, Саматбек Ибраевдер жана 15 чукул министрликтин, агенстволордун өкүлдөрү катышты. «Биздин фракция мындай форматтагы жолугушууну дайыма өткөрүп келе жатат. ЖК имаратында республиканын баардык аймактарынан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келишүүдө,алар көтөргөн айрым маселелер оң жагынан чечилүүдө» деген Ч. Турсунбеков, жолугушуу жемиштүү аяктаарына ишенээрин билдирди.
Ош облусунун Алай, Чоң-Алай райондорунан келген айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештин депутаттары, климаттык шарты катаал райондогу жетишкендиктер менен катар мектеп, бала бакча, спорт зал, көпүрө салуу менен бирге чек ара боюнча көйгөйлөрүн көтөрүшүп, чечүчүү жолдорун жолугушууга катышкан өкмөт мүчөлөрү менен чогуу талкуулашты. Алсак Сары-Могол айылы 2004-жылы Тажик ССРине 46 жыл мурда берилген ижарадан кийин Кыргызстанга кайтарылган. Бирок 5000 миңге жакын киши жашаган бул айыл өкмөтүнүн бир да жашоочусу үлүш жер албагандыктан, ардагерлер пенсияга чыга албай кыйналып жаткандыгын аталган айылдын өкмөт башчысы Аттокур Курмушев билдирди. Депутаттар маселени жер категориясын алмаштыруу аркылуу трансформациялап, үлүш жер менен элди камсыздоо маселесин тиешелүү министирликтерге тапшырды.
Жыйынтыгында жолугушууга келгендер айтылган суроо талаптар боюнча жыйынтык чыга тургандыгына үмүткөр экендигин билдиришти.

КСДП фракциясынын депутаттары Алай, Чоң –Алай райондорунан келген өкүлдөр менен жолугушту (СҮРӨТ)

 

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021