31 июля 2015, 15:28

Ширин Айтматова парламенттен үмүтүн үздү

«Ата Мекен» партиясынан депутат Ширин Айтматова парламенттик шайлоого катышпай турганын билдирди. Бул тууралуу «Эл деми» гезити бүгүн, 31-июлда чыккан санында жазды.

«Мен өзүмдү дайыма сырттан байкап турган адамдай сезип келгем. Бактыга карай, беш жылда мен аткаминер болгон жокмун. Балким бул форматта эместирмин жана командада ойной албайм. Калп айтып жана жогору тургандарга жагалдана албайм. Биздин жарандардын турмушу оңолуп кеткен жок. Мен жана бүтүндөй парламент дагы шайлоочулардын үмүтүн актаган жок. Парламентте өзүмө орун сатып алууга каражатым дагы, каалоом дагы жок», - деген Айтматованын сөздөрүн келтирет басылма.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021