31 июля 2015, 16:55

Айтмамат Назаров, ишкер: “Жалал-Абаддагы биринчи жолу сүт заводун курабыз”

Айтмамат мырза, жакында  эле сиздин Жалал-Абаддагы эски сүт заводду жаңылай тургандыгыңызды угуп калдык?

-Ооба, мен бала кезден бери  Жалал-Абаддагы жалгыз сүт заводду жакшы билчүмүн. Союз маалында бул ишкана күжүлдөп иштеп, түштүк думанды кайра иштетилген сүт азыктары менен камсыз кылган кубаттуу завод эле. Кийин  менчиктештирүү заманында ал акционерлердин колуна өтүп, таланып-тонолуп жатканын көргөндө ичим ачышты. Анткени, ал токтогондон бери Кыргызстандын түштүк дубанында бир дагы сүттү кайра иштетүүчү ишкана жок калды. Ошондуктан, өндүрүштөгү тажрыйбама таянып, бул сүт заводду кайра куруп чыгууга аракетимди баштадым. эле. Тилекке каршы, камкордукка алган киши жок, ээсиз калган бул жайды шаар тургундары колдорунан келишинче эле талкалап, керек болсо, имаратын да керектен чыгарып салышкан экен. Эгер мен артынан түшүп жүрүп, ошол акционерлерге өз каражатыман акчасын төлөп 2013-жылы сатып алып койбогондо, бул заводдун жери да камчыга бөлүнүп сатылып кетмек.

-Андай болсо эскини эптеп отурбай эле жаңы жерге курсаңыз болмок да?

-Өндүрүштү түшүнгөндөр жакшы билишет. Анткени, азыр өндүрүш жайгаша турган жердин баасы абдан кымбатка түшөт. Себеби, ишкана иштей турган жер атайын ылайыкталып коммуникациянын баардык түрлөрү кириши керек. Бул жер союз учурунда ошондой пландалып, стандартка ылайыкташтырылган, шарттары бар баалуу жер болчу. Ошондуктан эски имаратын кошуп туруп сатып алганбыз. Быйыл мына курулуш иштерин баштап, буюрса эмдиги жылдар менен ишке киргизип калабызбы деген ойдо турабыз. Азырынча курулушка 300дөй жергиликтүү жумушчулар тартылса, кийин иштеп баштаганда дайымкы жумуш орду менен 1000ге чукул адам камсыз болгону турат. Бирок, эң башкысы бул сүт заводко күн сайын 10 миңден ашык жалалабаддык үй-бүлөө сүт өткөрүп, кошумча киреше таба алышат. Экинчи жагынан, ар бир  жарандар арбын киреше табуу үчүн асыл тукум уйларды кармоо керектигине түшүнүп, малдарын асылдандыра баштайт. Ар бир короодо эки-үчтөн баш уй, анан алардын музоолору болот. Ошентип, сүт заводунун арты менен эле элде эт өткөрүү мүмкүнчүлүгү өзүнө-өзү келип чыгат.  Бул азыр элдин социалдык шартын жакшыртууга чоң эле жардам болот деп айта алам. Азыр Чүйдүн айылдарын карайлы, Ысык-Көлдө да сүттү кайра иштетүүчү ишканалар ачылып, айылдагы элдер сүт сатуу менен эле күнүмдүк керектөөлөр менен камсыз болуп жатат.

-Ал жагы жакшы экен, ал эми өндүргөн продукцияны сатуу жагы кандай болот?

-Башта айткандай, азырынча бул завод түштүктөгү жалгыз сүт азыгын даярдоочу болгондуктан,  даяр азыкты Ош, Жалал-Абаддын жергиликтүү эли эле үлгүртпөй сатып алат. Анткени, суроо-талаптын көлөмү чоң. Кечээ, эле радиодон тоолуу, мал киндиктүү Нарын облусунун калкы 85 пайыз сүт азыктарды Бишкектен алышаары тууралуу айтылды. Азыр бизде да мындай маселе бар. Ошондуктан, биз эл аралык стандарттагы, сапаты мыкты, акыркы технологиялар менен жабдыган заводдун продукциясы жергиликтүү элди камсыздаса эле, биз сүйүнөбүз.

-Стандарт деп калдыңыз, чындап эле заводдон чыккан сүт, айран, каймак, быштактар азыркы Бажы Биримдигинин талаптарына жооп береби?

-Албетте, азыр эң башкысы ошол интеграциялык уюмдун шарттарын аткаруу, алардын талабындагыдай продукцияларды даярдап, экспорттоо болуп турат. Ошондуктан, биз заводду салып жатканда эле эл аралык стандарттарды сактап салабыз. Бул боюнча менде чоң тажрыйба бар. Аны айта кетейин, мындан бир канча жыл мурун бир минералдык суу чыгарган ишканын түптөп, товарыбыз Кыргызстанга тегиз тарап, кирешлүү болуп жаткан кез. Бир күнү “Манас” аба майданындагы АКШнын аскердик базасынан биздин сууну сатып алууга сунуш түшүп калды. Көлөмүн карасак, биздин завод араң эле үлгүргүдөйбүз. Өндүргөн проукцияңды эч жакка сунуштап, ташып отурбай эле бир точкага өткөрүп жатсаң, кандай жакшы сүйүндүк. Бир күнү ошол базадан деп бир чет элдик адам келип, жолукканда эле менден сертификат кагаздарды сурап, ISO-22000 деген сертификаттарды сурап калды. Мен биздин технологдон аталган кагаздарды сурадым, ал бизде жок дейт. Мен болсо тигил мейманга “ал кагаздар керек болсо оңой эле алып койобуз, биз тиешелүү тараптардын баардык уруксат кагаздарын алганбыз” деп койом. Ал киши болсо кагазды ала албаган соң заводго жумушчулар кайсыл эшиктен кирээрин, чийки сырье кайсы кампада сакталаарын, товар кантип жүктөлөөрүнөн тартып, жумушчулардын даараткана, душ бөлмөсүнө чейин сурап көрүп чыкты да, “биз силердин сууңарды ала албайбыз, эл аралык акыркы стандарттарга туура келбейт экен” деп айтып калды. Көрсө ал европалык чоң адис экен. Анан маектешип калсак, ал стандарт деген кандай болоорун түшүндүрү берди.

Көрсө, заводду куруп жатканда эле стандарттардын эрежелери сакталып башташы керек экен. Ар бир кызматкердин таңда ишке келгени, анын кайсыл эшиктен кирип, кайсыл бөлмөдөн кийимин алмаштырып, кайсы бөлмөдөн даарат ушатып, жуунуп-тазаланып, жумушуна керектүү шайман, жабдыктарды кайсыл бөлмөдөн алып ишке кирээри, техниканы ишке кантип киргизгенден тартып, аныц кечинде өчүргөнү, түшкү тамакты кайда ичээри, ал тамактардын кайда, кандай даярдалаары, калдыктардын кантип чогулутулуп, кайда төгүлөөрүнө чейин стандартык жоболор бар экен. Ошентип продукция чыгарууга чейинки эле стандарттардын сакталышы мени таң калтырды. Мен кызыгып калып, аны дагы чакырдым. Ал келип, баарын түшүндүрүп берди. Мисалы, сууну кантип тазалап, бөтөлкөгө куюш керек, ал бөтөлкө кандай шартта даярдалыш керек, оозу кандай бекилиш керек, кокус, жараксыз бөтөлкөгө суу куюлуп калса, аны жөн эле линиядан алып салбай, аны кандай жоготуш керек, суусун өзүнчө бөлүп, бөтөлкөсү менен анын оозун ажыратып, кандай шартта утилизация кылыш керектигине чейин толгон токой машакаттар бар экен. Ошону менен ал биздин сууну эл аралык жогорку стандартка 27 пайыз гана жооп берээрин аныктап берди. Эгер 85 пайыздан ашса, АКШ базасы сатып алууга даяр экен. Ошентип ал кеткен соң аталган суу заводду стандартташтыралы десек, дегеле болгудай эмес, кайра салуу керек болот экен.

-Анан кийин стандартка шайкеш ишкана ача алдыңызбы?

-Ооба, Европанын ири шаарларынан айыл-кыштактарына чейин аралап, көп жолу өндүрүштүк иш сапарларда болгон соң өзүмө сөзсүз стандартка жооп берген завод ачам деген максатымды ишке ашырдым. Өнөктөштөрүм менен бирге эл аралык каржылык уюмдардын колдоосу менен Сокулуктагы Дүйшөнкул Шопоков шаарчасына “Биер Бер”(Bear Beer) деген сыра өндүрүүчү заводду курдук. Жер пайын көтөргөндөн тартып, дүйнөлүк стандарттарды сактоого аракеттендик. Мурда биз стандарт десе,  заңгыраган имаратты куруп, аны таза жаркыратып кармап, акыркы технологияны ортонуп коюу деп түшүнчүбүз да. Бул заводду болсо каражаттын көп жумшалганына, курулуштун жай темпте  жүргөнүнө да кайыл болдук. Жалпысынан 30 млн АКШ доллары турган бул ири долбоор эки жылды  камтыды. Жыйынтыгында “Биер Бээр” сыра заводунун “Топоз” аталыштагы тоолук мүнөз сырасы Кыргызстандан биринчи болуп дүйнөлүк эң жогорку азык-түлүк стандарты-ISO 22000 стандартын алып, 100 пайыз Европалык талапка жооп берээри далилденди. Андан беери атайын эл аралык стандартташтыруу уюмунан адистер келип  жыл сайын маал-маалы менен заводдогу стандарттын сакталышын, продукциянын сапатын текшерип турушат. Эгер, бир эле жолу алар эрежеге сыйбаган көрүнүшкө ээ болсо дароо стандартты алып салышат.

-Демек, сүт заводду да ушундай эле стандартта курат экенсиз да?

-Албетте, эл аралык стандарттарды эске албаганда деле өлкө ичинде азык-түлүк коопсуздугу деген жашашы керек. Бул жарандардын саламаттыгы үчүн абдан маанилүү. Ансыз деле биздеги көп сүттү иштеткен ишканалар эл аралык эмес коңшу Казакстандын  мамлекеттик көзөмөл органдарынан керектүү сертификатты ала албай, экспортко чыга албай жаткан маалда, биз сөссүз Жалал-Абаддагы сүт заводду эл аралык жогорку стандартка ылайыктап куруп, азык-түлүктү эч шек санатпай сатууга жол ачабыз.

-Өндүрүшчү катары айтыңызчы, бизде өндүрүштү колдоо саясаты сизди канааттандырабы?

-Албетте, мамлекетте өндүрүштү ордунан тургузуу боюнча байкалаарлык аракеттер бар. Бирок, экономикабыздын алсыздыгы, каржылоонун аздыгына алып келгендиктен, колдоо жетишсиз болууда. Мындайда өндүрүшкө ички инвесторлор же сырткы инвесторлор жардамга келишет. Өндүрүштү түптөөчүлөр көбүнчө насыяларды алуу менен ишти башташат. Бирок, эл аралык каржы уюмдары бизди “кызыл зонага”  киригзип коюшкандыктан, насыялар абдан оор үстөк пайыздар менен кыска мөөнөткө сунушталат. Мунун баары өндүрүштүн иштеп кетишине оорчулук келтирет. Анткени, бир нерсени өндүрүү үчүн узак мөөнөт, көптөгөн мээнет керектелет. Ошондуктан бүгүнкү өндүрүштү түптөп жаткандарга чындыгында баа берсе болот. Анткени, алар чоң тобокелчиликке барып жатышат. Эгер долбоор ийгиликсиз аяктаса, анын чыгымын жабуу мүмкүн эмес...

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021