31 июля 2015, 18:22

Аксыдан чыгып Алматыны багынткан Алмаз Эргешов

Алмаз Эргешов акыркы 15 жылдан бери Орусия, Казакстанда ишкерлик, өндүрүш менен алектенген белдүү кыргыздын жигити.  Аксынын тоолорунда өскөн тоолук мекендешибиз учурда коңшу өлкөнүн Актөбө облусунда ири өндүрүш жана айыл чарба тармактарын өнүктүрүп, ишкерликтин бир канча түрүн жолго койгон. Ат тезегин кургатпай, Алатоого, Аксыга каттап, мекендештиринин ал-ахыбалынан кабар алып, алардын түмөн түйшүгүн колунан алышкан атуул катары таанымал. Анын мекенчилдигин мындан билиңиз, өзү коңшу мамлекеттеги иши жүрүшкөн ишкер болуп, дээрлик 15 жылдан бери Актөбөнүн тузун татып жүрсө да, көшөрүп Казакстандын жарандыгын алган эмес. Себеби, анын ой түпкүрүндө “акыры барып Кыргызстаныма кызмат кылам” деген ишенич жашайт. Учурдан пайдаланып, Алмаз мырзаны кепке тарттык...

-Алмаз Манасбекович, Аксыдан барып, Актөбөгө жашап калышыңыздын себеби эмнеде болду?

-Биз, СССРдин учунда таалим-тарбия алып, ошол кездеги кубаттуу империяга кызмат кылабыз деп окуу-билимге ынтызар болуп өстүк. Бирок, биздин жогорку Окуу жайды бүтүрүп, адис болуп чыккан кезибиз, Кыргызстандын эркиндик, эгемендик алган жылдарына туура келди. Мурдагыдай кадрдык багыттоо деген жоюлуп, биз КМУнун кызыл дипломун колубузга кучактаган бойдон, өзүбүз жумуш издөөгө туура келди. Ал кезде мамлекет биздей жаштарга кам көрүп, жумушка алмак тургай, базар экеномикасы басып киргенде өз алапайын таппай калган. Таарынууга деле себеп жоктой болчу. Ошону менен биз соода-сатыкка өтүп, Орусияга-Казакстанга сумкалап товар ташып калдык. Ал кезде азыркыдай жүк ташуу кызматы да жок, азыркыдай вагон же чоң жүк ташуучу унааларга толгон деле товарыбыз жок. Алыбыздын жетишинче кийим-кечекти жонго артып, вагондон-вагонго, автобустан автобуска секирип, чек арачы, бажы постторунун катаал сурактарына туруштук берип, өз күнүбүздү көрүп жаттык. Ошентип майда соода-сатыктын арты менен жүрүп, постсоветтик өлкөлөрдүн экономикасы кичине ирдене баштаган кезде экономикалык билимимди пайдаланууга учур келгенин сездим да, акырындап жеке ишкерликтин жаңы тармагына өтө баштадым. Алгач эле Казакстандын “Актөбө” шаарында чакан  суусундуктарды өндүрүүчү  завод ачып, боордош элдин өндүрүштү колдоо саясатына, мамилесине бет келдик. Эки өлкөнүн экономикалык саясатында чынын айтыш керек, асман менен жердей эле айырма бар экен. Ал жактагы дыйкандарды, фермерлерди, кайра иштетүүчү жайларды колдоо, коргоо, шарт түзүү абдан мыкты жолго коюлган. Ошондуктан ал жакта жакшынакай иштеп, салыкты жашырбай төгүп, улам бир өндүрүштү ачып кете берсең болот. Ошондуктан, кудайга шүгүр, биздин ишканалар ал жакта уланып кетти. Андан соң ошол түштүк Казакстанда белгилүү дүйнөлүк компаниялардын мисалы, Кока-Кола сыяктуу бренддеги азык-түлүктөрдү түз сатуучу дистрюбитердик ишканаларды ишке киргиздик.

-Азыр сизди казакстандыктар чоң өндүрүшчү катары таанышат экен...

-Арадан жылдар зымырап учту. Кесибим экономист, болгондо да маркетолог болгондуктан мен товарды кантип сапаттуу даярдоону жана аны кантип кардарга сунуштоону мыкты үйрөнгөн элем. Бул мага өз кезегинде чоң жардамын тийзизип, биз кийинчерээк “Молочный Истории” жана “Актеп” ишканаларын ачтык. Биринчиси, сүт азыктарын өндүрүүчү аймактагы бирден бир ишкана болсо, экинчиси асыл тукум малдарды асыроо жана эт өндүрүү багытында. Учурда бул компаниянын Казакстан боюнча 15 шаарда филиалы иштеп, анын 12син кыргыз жигиттери ийгиликтүү башкарып жатышат. Биздин кыргыз жаштарын жалкоо, иштин көзүн билбеген чоркок деп атагандарга айта турган каяшам да ушул. Эгер менин командамдагы кыргыз жигиттер азыркы технологиянын, экономиканын, соода-сатыктын тилин билбесе, жалкоо болсо ушинтип башка элде башкаруучу ишканаларды жетектемек беле?!

Кыскасы, ошентип коңу өлкөдө тармагыбыз кеңейип, тапканыбыз менен  өзүбүздү эле эмес, элди да бага баштадык. Дегеним, азыр менин кол алдымда 500 чукул кыргыз жарандары иштешип, бул жактагы бала-чакасын, эне-атасын багып жатышат. өзүбүз болсо ат тезегин кургатпай Кыргызстанга каттап, бул жактагы кыйналган элге керек жардамыбызды берип кела жатабыз. Кичи мекеним Аксыдагы айылдардын социалдык шартын оңдоп, инфра-структурасын оңдоого үлүшүбүздү кошуп, элден кабар алып турабыз.    

-Эмне үчүн бизде да өндүрүшчүлөргө, ири фермерлик чарбаларга мындай мүмкүнчүлүк түзүлбөйт?

-Буга чындыгында чоң ачылыштын, саясый бурулштун деле кереги жок. Болгону өлкө жетекчилиги экономиканын күрөө тамыры болгон өндүрүшкө басым жасаш керек. Мисалы, бюджеттен 10-15 млн. сомду бир айылга мектеп салууга бөлүп, анан ал каражат жолдон уурдалып кетип же мектеп аягына чыкпай. кийинки жылы каржылоо дагы жетпей, же акчадан же мектептен жок жүргөн учурларыбыз арбын. А эгер ошол каражатты ошол райондогу бир өндүрүшкө салып, колдоо көрсөтсөк, ал өз продукциясын чыгарып, кардарларга сатса, кирешенин бир бөлүгү кайра мамлекетке социалдык төлөм, киреше салыгы катары түшсө, ага акырынджап ар бир айылга соцобьект курууга болот деген ойдомун.

Экинчи маселе, экономиканы өнүктүрүү үчүн бүгүн биз жеке ишкердикти мамлекеттин коргоосуна алып, ишкерлердин көмүскө экономикадан чыгуусуна мүмкүндүк беришибиз керек. Эмне үчүн бүгүн ишкерлер салык төлөөдөн качат? Демек, биздин салыктар дале болсо оор, ишкерлердин кирешесине салыштырмалуу бийик пайыздар менен өлчөнгөн десек болот. Салыштырайын, Казакстанда жаңы ачылган ишкананы үч жыл текшерүүдөн бошотот. Бул кезде ишкер ирденип, мамлекетке салыкты кыйналбай төгүүгө мүмкүнчүлүк алат. Ошондой эле салык төлөөнүн жеңилдетилген жолдору көп. Экинчиден, ал жакта ишкерлик кылуу үчүн биздегидей бюрократиялык тосмолорго такалбайсың. “Бирдиктүү терезеден” бардык документтерди бир чогултуп, бир тапшырып, бир жерге төлөп, ишиңди баштай бересиң. Ишкерлерди тейлөө эң мыкты. Үчүнчүдөн, Казакстанда ишкерлик кылуу үчүн насыя алууда кыйла жеңилдетилген шарттар бар. Банктардан тышкары, мамлекеттик атайын фонддор ишкерлерге каржылык колдоо көрсөтүп, банктан алган насыянын үстөк пайыздарынын жарымын өздөрү төлөп турушат. Мисалы, 12% менен насыя алсаң, сен 6%ын гана төлөйсүң, фонд жардам катары 6%ын төлөп берет. Ошондой эле кайсы багытка, кандай банктан насыя алба, алгачкы алты айды же бир жылды жеңилдетилген шарт менен берип, төлөмдөрдөн бошотот. 

Мындан сырткары, менин эң баса белгилеп кетчү сөзүм, Казакстанда насыялар негизинен 99% улуттук валюта теңге менен берилет. Бул деген доллар же евро сыяктуу чет элдик валютага көз каранды болбойсуң деген сөз. Ушундан улам мен улуттук валюта өз өлкөсүндө кадырланмайынча, экономика өнүкпөсүнө көзүм жетти. Мисалы, Орусияда да ошондой, рублдин курсу долларга 35тен 67ге көтөрүлүп, азыр 57 болуп турат. Мындай инфляциялык өзгөрүүдөн улам боло турган экономикалык кыйроодон Орусия  өзүн насыяны негизинен рубль менен бергени үчүн сактап калды. 

Бизде болсо банктын баары насыяны доллар менен берет экен, ал эми сомдун күн алыс өйдө-төмөн болуп турушунан улам кыргыз ишкерлери, жарандар абдан кыйналып, өз убагында насыянын төлөмдөрүн төлөй албай, карызга батууда. Мына, мен кечээ биздин банктардан сурасам, насыяны сом менен минимум 21%дан берерин айтышты. Ал эми Казакстанда теңге менен 13%дан ашырбайт. Ортодогу 8% айырма эле ишкерлер үчүн өтө чоң коркунуч десем болот.

Кыргызстандагы банктардын насыя алуучуларга кылган дагы бир терс мамилеси бул – күрөөнү өз наркынын 50 пайызына гана баалаганы. Сен насыя алыш үчүн 300 миң сомдук үйүңдү күрөөгө коеюн десең, банк аны 150 миңге гана баалап туруп алат. Ал эми казактарда банктар мүлктүн өз наркынын 75 пайызына чейин күрєөгө алып, насыя бере беришет. Карачы, бүгүн чоңураак бизнестин түрүн башташ үчүн кыргыздар көбүрөєк объект, чоңураак имараттарды күрөөгө коюуга туура келет. Мындай нерселерди эми мамлекет атайылап жасап жатат дегенден алысмын, бирок экономикага бут тосуучу факторлор деп түшүнөм.

- Казакстандагы дыйкан-фермерлерге болгон камкордуктан кеп салсаңыз?

- Алардын бир артыкчылыгы – фермерлер менен дыйкандарды өз камкордугуна алгандыгы. Мисалы, биз Актөбө облусунда уй ферма кармайбыз. Жөнөкөй сөз менен айтканда, мамлекет ар бир уйдун жеген тоютунун 50%ын, ар бир уйдун тууган торпогуна кеткен чыгымдын да бир канча пайызын субсидия кылып төлөп берет. Биз ферманы кармаш үчүн 300 км чакырымга созулган жайлоону тегерете тосуп чыктык. Буга кеткен чыгымдын да жарымын мамлекет өзү каржылап берди. Чет жерден асыл тукум малдардын породасын алууну максат кылсаң да ушундай эле мамлекеттен жардам аласың. Мал чарбасына 12 жылга насыя берип, алгачкы үч жылын жеңилдик катары төлөєдөн бошотушаарын, анын жарым үстөк пайызын мамлекеттик фонддор төлөп берерин айтсам, сага жомок болушу мүмкүн. Бирок, бул чындык.

- Эмне үчүн?

- Эң негизгиси ушул эмнеге деген суроодо жатат. Анткени, Казакстан бийлиги коргонуу коопсуздугу, экономикалык коопсуздуктан кийин эле азык-түлүк коопсуздугуна маани берет. Алар дыйкандар менен фермерлерге жакшы шарт түзүп берүү менен коопсуз азык-түлүккө ээ болорун, сырттан келген сапаты күмөндүү продукцияларга караганда, атамекендик өндүрүшчүлөрдөн ишенимдүү продукцияны алуу керектигин мамлекеттик деңгээлде жолго коюшкан. Алар сырттан келген азык-түлүк жергиликтүү продукциянын балансын кармап, кокус эртең сыртта бир эпидемиялык абал жаралса, чек араны жаап, өз продукциясы менен өздөрүн камсыздоого даяр турушат. Ал эми бизде азык-түлүк коопсуздугу өтө кооптуу абалдарды башынан кечирип, эпизоотикалык абалыбыз анча жакшы болбой келе жатабыз. 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021