1 августа 2015, 13:00

«Бир Бол»: Жакынкы күндөрү дагы бир нече партиялар жана коомдук бирикмелер менен биригүү жөнүндө жарыяланат

“Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик партиясы 31-июлда Бишкекте Кыргызстандын бардык аймактарынан келген партиянын штабдарынын жетекчилери үчүн семинар-окутууларды өткөрдү. Анда уюштуруу иштери, анын ичинде парламенттик шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмесин беките турган съездди өткөрүү маселелери каралды.

Республикалык штабдын жетекчиси Аскарбек Шадиев шайлоонун жүрүшү жана анын жыйынтыгы партиянын жасаган ишине жана команданын бирдиктүү болушунан көз каранды экенин белгиледи. “Партиянын аталышы бирге, бирдиктүү команда болуп - бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып иштөөгө милдеттендирип турат, мына ошондо жыйынтык болот, - деди А.Шадиев. Ал жакынкы күндөрү дагы бир нече партиялар жана коомдук бирикмелер менен биригүү жөнүндө жарыяланарын айтты: “Биз бир болгондо гана ийгиликке жетишебиз, анткени партиянын курамында таасирдүү, барктуу, тажрыйбалуу саясатчылыр, экономисттер, коомдук ишмерлер көп”.

Штабдын жетекчисинин орун басары Акылбек Жапаров партиянын программасы жөнүндө маалымат берип, анын жоболорун талкуулады. “Экономика бардык нерсенин негизи, “Бир Бол” экономикалык түп-тамыры менен өзгөртүү программасын сунуш кылат, ал программа биздин экономиканын тездик менен өнүгүүсүнө алып келет. Биздин партия – келечектин партиясы!” – деди ал.

Белгилүү болгондой, 29-июлда “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясына 2015-жылдын  4-октябрында өтө турган парламенттик шайлоого катыша тургандыгы жөнүндө расмий билдирмесин тапшырган.

Партия 2010-жылы Уюштуруучу съездде түзүлгөн жана биринчи жолу юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндөгү күбөлүктү 2010-жылдын 28-июнунда алган. Партиянын жергиликтүү кеңештерде катышкан оң натыйжалуу тажрыйбасы бар.

«Бир Бол»: Жакынкы күндөрү дагы бир нече партиялар жана коомдук бирикмелер менен биригүү жөнүндө жарыяланат

«Бир Бол»: Жакынкы күндөрү дагы бир нече партиялар жана коомдук бирикмелер менен биригүү жөнүндө жарыяланат

«Бир Бол»: Жакынкы күндөрү дагы бир нече партиялар жана коомдук бирикмелер менен биригүү жөнүндө жарыяланат

«Бир Бол»: Жакынкы күндөрү дагы бир нече партиялар жана коомдук бирикмелер менен биригүү жөнүндө жарыяланат

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021