3 августа 2015, 09:17

“Иштемберди” алтын кени 20-сентябрда ишке киргизилет (СҮРӨТ)

“Иштемберди” алтын кени 20-сентябрда ишке киргизилет. Мындай тапшырманы Премьер-министр  Темир Сариев Ала-Бука районундагы “Иштемберди” алтын кениндеги иштердин жүрүшү менен таанышуу учурунда ишкана жетекчилерине берди.

Премьер-министрге маалым болгондой, жабдуулардын жарымы ишканага жеткирилген, ал эми калган бɵлүгүКытайда даярдалууда.

Ишкана ɵндүрүшүнүн кɵлɵмү жыл аягына дейре 200 кг. металлды түзɵт. Үстүбүздɵгү жылдын соңуна карата Республикалык бюджетке салык түрүндɵ 100 миллион сом түшɵт, ал эми комбинат толук кишке киришсе, 267 млн сом түшмɵкчү.

Үстүбүздɵгү жылга карата социалдык пакет долбоору алкагында Кызыл-Суу районунда 17 км суу түтүгү орнотулуп, калк таза суу менен камсыз болгон, жолдор оңдолуп, медициналык пункт курулган. Ал эми келерки жылга карата социалдык долбоор иштелип чыгууда.

Маалыматтарга ылайык, “Иштемберди” алтын кениндеги катардагы кызматкерлер 20000 сомго дейре айлык акы алса, жер астында иш жүргүзүүчүлɵр 100000 сомго чейин айлык акы алышат.

“Иштемберди” алтын кени 20-сентябрда ишке киргизилет (СҮРӨТ)

“Иштемберди” алтын кени 20-сентябрда ишке киргизилет (СҮРӨТ)

“Иштемберди” алтын кени 20-сентябрда ишке киргизилет (СҮРӨТ)

“Иштемберди” алтын кени 20-сентябрда ишке киргизилет (СҮРӨТ)

“Иштемберди” алтын кени 20-сентябрда ишке киргизилет (СҮРӨТ)

“Иштемберди” алтын кени 20-сентябрда ишке киргизилет (СҮРӨТ)

“Иштемберди” алтын кени 20-сентябрда ишке киргизилет (СҮРӨТ)

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021